“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Шайлоо 2020: Ооган-Талаада шайлоочулар активдүү

4 Октябрь 2020 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 265

2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасында шайлоочулар активдүү катышып жатышат.

Шайлоо өз деңгээлинде, санитардык эрежелер толук түрдө сакталып, элдин маанайы эң жакшы. Шайлоочулардын саны эртеңменен кескин түрдө көп болду. Баары өздөрү каалаган талапкерлерди шайлап жатышат.

Шайлоочулар идентификациядан өтүп жаткан мезгили

Элмирбек Анарбай уулу

Байкоочу Элмирбек Анарбай уулу

«Мен Анарбай уулу Элмирбек Ата-мекен партиясы тарабынан байкоочу болуп отурам. Шайлоо өтүп жатат, мыйзам бузуулар болгон жок, байкаган жокпуз мыйзам бузууларды, азырынча жакшы. Ушундай эле тынч өтүп кетсе жакша болот болчу. Силер көрүп тургандай баары мыйзам ченеминде болуп жатат. Мен көптөн бери эле ушул партияны колдойм. Азыр билимдүү жаштар мамлекетибизди колдоп, жолго салат деген ойлор бар, ошол себептен ушул партияны колдоп келем»

Шайлоочу Эркинова Зарипа:

«Мен Эркинова Зарипа Ооган-Талаа айылынын тургунунун. Шайлоо азыркы учурда жакшы өтүп жатат. Тартип жакшы, таза өтүп жатат деп ойлойм. Эч бир партияда келечек жок, кайсы партия өтсө деле, дагы деле ошолор барат, дагы деле ошол Кыргызстанды жейт, ушул кетирген акчаларын топтоп чөнтөктөрүн толтурат.»

Шайлоочу асимбекова Сабира: «Мен Хасимбекова Сабира Ооган-Талаа айылынын тургуну, азыр шайлоого келдим, өзүм каалаган талапкерлерди шайлап чыктым. Шайлоо процесси жакшы, жай өтүп жатат, эми азыркы пандемияга карата ушундай болуп калды окшойт. Аралыкты сактап, маскалар менен колдорун антисептик менен тазалап, анан киргизип жатышат. Аябай жакшы, шарттарын жакшы түзгөн, шайлоо комиссия мүчөлөрү иштеп жатышат, элдер келип кетип жатышат. Жакшы. Азыркы чыгып жаткан 16 партиянын ичинен баарынын ойлору жакшы. Баары Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкулары келет. Мен ошолордун тилектерине кошулам. Мен да өзүмдүн каалаган партияга добушумду берип чыктым, ал да келечекте жакшы нерселерди үмүт эттирет, болот деп ойлойм, Кыргызстан өнүгөт, гүлдөйт, өсөт.»

Шайлоо процесси Ооган-Талаа айыл аймагында жакшы өтүп жатат. Ар биринин ой пикир ар башка, бирөө келечеке ишенсе, экинчиси партияларга ишенбейт. Талапка ылайык келбеген мыйзам бузуулар болгон жок баары толук түрдө өз милдетин аткарып жатат.

Ооган-Талаа мультимедиа борбору, Фейсбук @Gulnaz Kambaralievna атуу баракчабыздан 2153 Ооган-Талаа шайлоо участкасындагы шайлоону түз эфирин көрө аласыздар.

 

Даярдагандар: Аймээрим Саитжанова, Ширин Маратбекова.