“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Акылман курактагыларга алкыш

2 Октябрь 2020 жыл 1:25
Көрүүлөрдүн саны: 217

Акылман курактагы аталарыбызга жана энелерибизге мугалимдер жана окуучулар жамааты алкыш айтып, 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү менен куттукташты.

«1-октябрь Эл аралык каарылар күнү»               Алгач бул датаны Европа, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйнө белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат.

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жана окуучулар жамааты да четте калбай, «Кары адамдарга ким сый-урмат  көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат» деп мугалимдер үлгү болуп, окуучулары менен биргеликте математик, тарыхчы, орус тилчи жана башка билим берүү отличниктерин, пенсионер агай эжейлерге өзүнүн белектерин камдап, салт боюнча калпак, чапан кийгизип, кичине болсо да көңүлдөрүн көтөрүп, акыл насааттарын, батасын алып кайтышты.

Химия сабагынын мугалими согуштун ардагери, ардактуу эс алуудагы Рахманаалы Карымшаков, 7- классынын окуучулары, класс жетекчиси Дилфуза Нышанбаева менен

Урмат-сыйы сиңген тарыхчы, билим берүү отличниги, ардагери Расул агайга 9-классынын окуучулары жана класс жетекчиси Зарина Орозова

Орозова Зарина: «Биз мектеп жамааты, директорубуз Давлет Омурзакова менен биргеликте жыл сайын окуучуларыбыз 1-октябрда, мектепте иштеп, ардактуу эс алууга чыккан мугалимдерди куттуктайбыз. Быйыл да куттуктоо үчүн Рахманалы Карымшаковдун үйүнө барып куттуктадык. Кырдаалга байланыштуу класстагы окуучулардын баары эмес, эки окуучу жана мен бардык. Агай аябай сүйүндү».

9″А» классынын окуучусу Жекшен кызы Тахмина: «Быйыл биринчи жолу куттуктап бардым, өзүм да аябай кубандым, батасын алып, жүзүндөгү кубанычын көрүп көзүмө жаш айланды, агай да аябай сүйүнүп, силерге бата бербегенде кимге бата берем деп, бизди да чоң-чоң иштерде иштеп, жакшы инсан болгула деп бата берди.

Математик, билим берүүнүн отличниги Эргешов Аким агайга 8-б класс, класс жетекчиси Тургунали кызы Миргүл менен.

   Акылман курактагылар жөнүндө ыр.

Улуу жачты барктайлы

Агарган чачты сыйлайбыз

Кылым өтөт тез эле

Биз да жетебиз бат эле

Жашаган доорун сыйлай бил

Алар башынан өткөргөн

Жакшынын да жамандын

Алар таткан чын даамын

Сабыр менен адамдык

Акыл менен айкөлдүк

Эмгек менен ишеним

Алар билет чоң баркын.

 

Даярдаган: Аймээрим Саитжанова