“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Түз эфир: «Ар бир добуш-Кыргызтандын келечегине салым»

1 Октябрь 2020 жыл 19:23
Көрүүлөрдүн саны: 207

2020-жылдагы шайлоо боюнча Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору «Ар бир добуш-Кыргызтандын келечегине салым» аттуу темада түз эфир өттү.

Түз эфир мезгилинде коноктор менен

Түз эфирге 2147 Каба шайлоо участкасынын төрагасы Болот Алымкулов, катчысы Зарылбек идентификация боюнча адис Бурулча Кулмашева, жарандык активист Жоомарт Алдосовдор катышты.

Түз эфирде шайлоого байланыштуу суроолор берилип, фейсбук, вотсап тармактарынан да суроолор келип, төрага Болот Алымкулов жооп берди.

Эфирдин жүрүшүндө Болот Алымкулов төмөндөгүлөргө токтолду:

Шайлоо комиссиялар менен биргеликте түшүндүрүү учурү

» Дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемияга байланыштуу, быйыл шайлоо башкача өтүп жатат. Ушул шайлоодо ар кандай коопсуздук аракеттерин дагы кошо көрүп жатабыз. Биздин №2147 шайлоо участкабыз баардык коопсуз аракеттерин сактап, толугу менен шайлоого даяр. Комиссия мүчөлөрү окуудан өтүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да шарттар түзүлдү. Атайын конгуроо, брайн шрифти илинди. Пандустар коюлду.

Шайлоо өтчү жер

Ал эми форма 1, форма 2 боюнча айта кетсем, биздин участкабызга форма 2 боюнча 11 адам кайрылды, ал эми форма 1 боюнча 2 шайлоочу кайрылды. №2147 шайлоо участкасында тизмеде 1158 шайлоочу биздин участкабыздан шайлоодон өтөт.

Тизмени илгенибизден кийин, элдер келип өздөрүн тизмеден текшерип жатышты.

Мамлекет тарабынан атайын ар бир адамга жете турган кылып бет кап, кол кап, антисептиктер бөлүнүп берилди.

Жарандык активист Жоомарт Алдосов «Элдин шайлоого болгон кызыкчылыгы жакшы. Баары катышабыз деп жатышат. Кыргызстандын келечеги ар бир жарандын колунда. Демек келип өз добуштарын берип, каалаган партиясын шайлап кетиши керек. Шайлоону тынч, ынтымакта өткөрүп алалы. »

Бет кап, кол кап толугу менен жетерлик.

Бул чыгарылыш Европа Биримдигинин жана Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын колдоосу менен даярдалды. Чыгарылыштын мазмуну “Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Бирлигинин” жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Бирлигинин же Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын көз карашын чагылдырбайт

Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков