“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Шайлоо-2020. Форма-1, Форма-2 толтурдуңузбу?

19 Сентябрь 2020 жыл 17:27
Көрүүлөрдүн саны: 104

 Шайлоодо 1-формага жана 2-формага кантип катталат?

1-формага ылайык арыз (шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз) тиркелүүчү документтери тиркелет;

Эгер сиз шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү кааласаңыз — пасторттун көчүрмөсү менен 2-формадагы арыз (шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө арыз). Шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө арыздар туруктуу жашаган жериндеги УШКга же шайлоонун шайлоо дареги боюнча добуш берүүнү каалаган УШКга берилет.

1. Шайлоочулар 1-формага ылайык шайлоочулардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз бергенде:

УШК мүчөсү ( идентификациялоо оператору) шайлоочулардын тизмесинде бар болгондо:

  • Шайлоочунун идентификациялоо процедурасын идентификациялоо квитанциясын басып басып чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырат;
  • Арызды кабыл алат жана текшерет, шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн толтуруунун жана көрсөтүлгөн маалыматтан тура экендигин, арызга инсандыгына тастыктаган квитанция тиркейт;
  • Шайлоочуга арыздын түбүндө жайгаштырылган өтүнмөнү карап чыгууна балын тактоо жөнүндө маалымат менен купонду берет.

Б) эгерде шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде болбосо, УШКнын мүчөсү (идентификациялоо оператору) шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн тартибин түшүндүрөт («Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө»Мыйзамынын 2-беренесинин  2- пунктуна ылайык,биометрикалык каттоодон өткөн жарандар  шайлоочулардын  тизмесине киргизилет)

  • шайлоочуга биометрикалык маалыматтарды  чогултуучу пункттарды даректерин берет:
  • арызды кабыл алат жана шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн толтуруунун жана көрсөтүлгөн маалыматтын тура экендигин текшерет:
  • шайлоочуга арыздын түбүндө жайгаштырылган өтүнмөнү карап чыгуунуна балын тактоо жөнүндө маалымат менен купонду берет.

Идентификациялык күбөлүгү жок болгон учурда шайлоочунун арызын кабыл алууга жол берилбейт жана АШК системдик  администратору тарабынан.                        2.Шайлоочулар 2-формага ылайык шайлоо дарегин алмаштырууга арызбергенде:УШК мүчөсү(идентификациялоо оператору) шайлоочунун паспортундагы сүрөтү менен визуалдык салыштырып, шайлоочулардын тизмесинде шайлоочунун бар экендигин текшерет.

А) эгерде шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде болсо УШК нын мүчөсү (идентификациялоо оператору):

  • Шайлоочунун идентификациялоо процедурасын идентификациялоо квитанциясын басып чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырат;
  • Арызды кабыл алат жана текшерет, шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн толтуруунун жана көрсөтүлгөн маалыматтын тура экендигин, арызга инсандыгын тастыктаган квитанциясын  тиркейт;
  • Шайлоочуга арыздын түбүндө жайгаштырылган өтүнмөнү карап чыгуунуна балын тактоо жөнүндө маалымат менен купонду берет.

 

Б)  Эгерде шайлоочу шайлоочулардын тизмесинде болбосо, УШК нын мүчөсү ( идентификациялоо оператору) шайлоочуларды шайлоочулардын тизмесине киргизүүнүн тартибин түшүндүрөт («КР Президентин жана КР Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө » конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгунө, «Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизет).

  • Шайлоочуга биометрикалык маалыматтарды чогултуучу пунктардын даректерин берет:
  • Шайлоочуга 1-жана 2-формасындагы арыздын бланктарын толтурууга берет;
  • Арыздын, шайлоочулардын паспортунун  көчүрмөсүнүн көрсөтүлгөн маалыматтарынын тура жана шайкеш келишин текшерет;
  • Шайлоочуга арыздын түбүндө жайгаштырылган өтүнмөнү карап чыгуунуна балын тактоо жөнүндө маалыматы менен купонду берет.

 

Тесттен өтүңүз: Шайлоонун эрежелери тууралуу эмне билесиз?
Ширин Маратбекова