“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чарбак айылына таза суу чыгат

18 Сентябрь 2020 жыл 18:00
Көрүүлөрдүн саны: 125

Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районуна караштуу Чарбак айылында таза суу алып келүү иштери жүрүп жатат.

Жумушчулар иш мезгилинде

Чарбак айылына узундугу 25 километр болгон суу түтүктөрү салынып жатат. Бул иштер март айларында башталган. Курулуш иштер боюнча жетекчи Болот Желденбаев менен болгон маек:

«Чарбак айылына 25 километрлик суу түтүктөрү салынып жатат. Бул иштер 2020-жылдын март айларында башталган. Материалдарын биз Бишкек шаарынан алабыз, полиэтилен түтүктөрүн Алматыдан алдык, негизи калган материалдарын өзүбүздүн базада жасалат.

Суу түтүктөрүн жасоочу база

Бизде сертификат, уруксат жана толук документтер бар. Буйруса 2021-жылы март айларында бүтүп калабыз да, айылга таза суу чыгып калат.

Түтүктөрдү алып өтүү үчүн арыктар

Ад эми бузулган жолдорду кайра өзүбүз оңдоп беребиз, ал үчүн атайын каражат бөлүнгөн, техника бар. Баардык шарттар каралган. Азыр бизде 9 техника, катоктор, бетон  аралаштыргыч, асфальт кескичтер иштеп жатат.»

Чарбак айылынын тургуну Хажы Кадыркулов таза суу алып келүү ишинде иштеп жатат. Ал өз айылында таза суу чыгып жатканына абдан кубанычта:

Кадыркулов Хажы-жумушчу

«Мен ушул жерде бул проект башталгандан бери иштейм. Ушул бетондорду кара чакычты ээритип, майлайм. Айлыгым 15000 сом. Негизги кылаар ишим ушул. Чынында бул оор жумуш жана мээнетти талап кылат. Бирок мен баарына ыраазымын. Ушул Татынакай Чарбак айылыбызга таза суу алып келген үчүн аябай кубанычтамын, куруп бергендерге ыраазымын.»

 

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.

 

Тимурлан Мелисбеков, Тахмина Сүёркулова