“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган- Талаа: Курулушу токтогон оорукананын абалы кандай?

17 Сентябрь 2020 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ооган-Талаа айылындагы жаңы оорукананын курулушу учурдагы кырдаалга байланыштуу токтоду.

Оорукананын пайдубалы

Оорукана 2019-жылы октябрь айында курулуп баштаган, жапы сметалык баасы 81940 сомду түзгөн. Бирок бүткүл дүйнөгү кырдаалга байланыштуу курулуш иштери токтоп турат.

«Бардык жумуштар азыркы бүткүл дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу болуп атат. Андан сырткары акча да которулбай калды. Эгерде сентябрдын аягында акча которулуп калса, октябрь айында кайрадан курулуш башталат. Негизинен 2022-жылы  проект боюнча курулуп бүтүш керек»,- дейт Могол айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева.

Айылдык кеңештин депутаты жана медайымы Кадича Жумалиеванын айтымында оорукана быйыл салынып бүтпөйт:

«Бул ооруканада балдар бөлүмү, төрөт бөлүмү, тез жардам жана тиш доктур болот. Эскерте кетсем, тиш доктур мурунку жайы жараксыз болуп калгандыктан, маданият үйүнө жайгаштырылган. Менимче оорукана быйыл эле курулуп бүтпөйт. Анткени азыр иштебей туруп калды. Буйруса 2022-жылы бутуп калса, биз  да ушул эски ооруканада отурбай, тез жардам бөлүмү да алыс жакта болбой калат эле.»

 

Тимурлан Мелисбеков, Тахмина Сүёркулова