“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

COVID-19 илдети менен Могол айыл аймагы кандай күрөшүп жатышат?

17 Сентябрь 2020 жыл 20:54
Көрүүлөрдүн саны: 75

Жаңы коронавирус (covid-19) илдети Могол айыл аймагында да катталды.  Бул илдеттен жалпы 7 айылдын ичинен 5 бейтап ооруканада дарыланууда.

Жергиликтүү кеңештин депутаты, №11 дарыгерлер тобунун медайымы Катича Жумабаева

 

Ооган-Талаа айылынын медайымы Катича Жумабаеванын айтымында:

«Азыркы учурда абал жакшы. Бизде covid менен ооругандар бар, бирок азыркы абал жакшы эле. Депутаттар тарабынан, айылдаштар тарабынан, өзүбүздүн бюджет тарабынан алынган жалпы 5 кычкылтек концентраторун колдонуп жатабыз, жардам колун сунгандарга терең ыраазычылык билдирем. Мурункуга караганда тынч, ооруган адамдар аз. Covid менен ооругандар жок, пневмания менен ооругандар 4 жараан ооруканага жаткырылды. Абал туруктуу. Эми экинчи толкуну болот деген божомолдор бар, ага даярданып жатабыз.

 

 

Ооган-Талаа айылындагы коомдук жайларда жана калк арасында санитардык, эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Талаптарга ылайык айыл өкмөтүндө, ооруканада үй-бүлөлүк даарыгерлер тобунда, калкты тейлөөдө, ар бир келген адамдардын жене табы өлчөнүп, залалсыздандыруучу заттар менен чачылып киргизилүүдө.

Азык түлүк сатуучу дүкөндөрдө азык түлүктөр жетиштүү, санитардык талаптар сакталууда. Санитардык китепчелери бар. Бет кап, атайын халат, кол кап менен иш жүргүзүүдө.

Сатуучу Мейманова Махпуба айымдын айтымында:

«Биздин айылда ушундай илдет жайылып жатканда, бизда өзүбүздү, элдерди сактап кол кап, бет кап, менен соода кылабыз антисептик коюп коебуз. Эми ким билет өзүң сактансаң кудай сактайт дейт. Элдер азыр өздөрү бет кап кийип кирип калышты. Санитардык эрежелерди толук сактап жатабыз.»

 

1-класстын мектеп окуучулары үчүн ата энелер шарт түзүп беришкен. Ар бир балага санитардык каражаттары менен камсыз кылуудан сырткары, мектепти да каражаттар менен камсыз кылды.

Мектепке кирип жатып ар бир балага залалсыздандыруу каражаттарын чачып, шартка ылайык эрежелер менен киргизүүдө. Класстык бөлмөгө килем салынып, сырттан келгенде бут кийимин алмаштырышат. Дайыма класстык бөлмөдө кайнатылган суу ичишип, ар эки саатта бир бет каптарын алмаштырып турушат.

 

1-классынын окуучусу Райимжанов Темир:

«Аралыкты сактап жатабыз, маскаларды ар эки саатта бир алмаштырабыз, антисептиктерди алуу кыйын болот экен да. Анткени аталарыбыздын акчалары кетип жатат. Ошентсе да атам мени сабактан калбасын, жакшы окусун деп шарт түзүп берди.»

 

Ат-Башыда биринчи класстын окуучулары «фильтрден» өтүп окушту
  Аймээрим Саитжанова