“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбап айылынын жаштары Супер Мейкатонго катышты

13 Сентябрь 2020 жыл 17:31
Көрүүлөрдүн саны: 113

Эми Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында жаштар клубун ачуу долбоору каржыланат.

Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын демилгелүү жаштары СуперМейкатон сынагына катышты.

Мейкатонго региондогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идяларды таап, маселени чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышты.

Нарын шаарынын командасы

Иш чарага Нарын облусунун Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунан Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунан Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум, айылдарынын жаштары күч сынашты.

Кум-Дөбө командасы

Жалпы команданын ичинен мыкты натыйжа көрсөтүп, алдыга үч команда оозуп чыгып, 1-2-3 орундарга ээ болушту.
Биринчи орун-Көк Жаңгак командасы.
Экинчи орун-Кочкор командасы.
Үчүнчү орун-Арстанбап командасы.

Арстанбап жаштары комикс тартуу идеясын талкуулоо учуру

Базар-Коргон районундагы Арстанбап командасынын жетекчиси Мырзакаримов Шохрух төмөндөгулөргө токтолду:

«Ар бир айылдан жумушчу топтор түзүлүп, Арстанбап айылынан да 20 адамдан турган жумушчу топ түзүлгөнбүз. Бул топко жергиликтүү кенештин депутаттары, аялдар кеңешинин төрайымы, айыл башчылар, жаштар, мугалимдер катышты.

Мейкатон сынагы үч этаптан туруп, биринчи этабында көйгөйлөрдү таап, ишке ашыруу жолдорун иштеп чыктык. Экинчи этабында комикстерди тартуу болчу.  Комикстерден кийин презентация болгон.

Кош-Дөбө командасы

 

Кочкор командасы

12 команда бири-бири менен таймашып, эки жуманын ичинде 24-августтан 10-сентябрга чейин ар бир командага берилген 20 тапшырманы аткарып, ортого коюлган проблемалардын чечимдерин издешти.

Тапшырманы жакшы аткаргандар 100 упай алышып, алдыга жылышты. Биздин команданын проблемасы төмөнкүлөр болду. Арстанбап жаштары-Жаштардын жарандык жактан активтуу болуусун ар бир адам каалайт. Ар бир адам жалпы маселелерге өз салымын кошсо, коом батыраак өнүгөрүнө ишенишет.

Бирок азыркы тапта активдүүлүк аз, балким буга түрткү берген адамдар жок же жаштар өздөрү эмне кылуу керек экенин билбей жатканы чыгаар. Эмне үчүн жаштар активдүү эмес? Канткенде жаштарды жарандык активдүүлүкө кызыктырса болот? Арстанбап жаштары комикстер аркылуу өздөрүнүн ойлору менен бөлүштү. Биздин максат жергиликтүү деңгээлде жаштар клубун түзөбүз деген элек. Мына ал ойлорубуз ишке ашып, айылда жаштар клубун ачуу долбоору каржыланмак болду.»

СуперМейкатон сынагы онлайн түрүндө өтүп, аны Демилгелүү жаштар долбоорунун алкагында USAID Ryrgyz Republic жана MSDSPKG колдоосу менен IDEA Central Asia өткөрдү.

Арстанбап командасынын комикстери

Акталаалык жаштар «Соң-Көл-2020» этно лагерин уюштурду
Билимдүү жаштар-жаркын келечек

 

Тимур Мелисбеков