Базар-Коргон районундагы Могол айылдык ооруканасына кычкылтек концентраторун алып келишти.
Могол айылдык жергиликтүү кеңешинин депутаттары айылдык күндүзгү стационарга кычкылтек концентраторун алып беришти.
Депутат Марат Токтобаевдин айтымында күндүзгү стационарда кычкылтек концентратору жок болгондуктан биринчилерден болуп биз бул демилгени көтөрүп чыгып, жети айылдын элине жардам болсун деп алып келдик дейт.
«Азыркы мезгилде айылдарыбызда оору жок. Күндүзгү стационарга кайрылгандар жок экен. Бирок «сактыкка кордук жок» дегендей сак болуп, даяр туруубуз зарыл. Элим оорубасын, эрежелерди так сактап, ден соолукта бололу».
Могол айылдык жергиликтүү кеңешинде 21 депутат бар.
Ушул эле күнү Базар-Коргон районунун Россиядагы «Базар-Коргон коому» аттуу бирикмесинин жетекчиси Ооган-Талаа айылына дагы бир кычкылтек концентраторун айылдын дарыгерлерине тапшырышты. Ооган-Талаа айылынын Москвада эмгектенген тургундары айылга да бир концентраторун беришин өтүнүшкөн. Ошол өтүнүчтү аткаруу максатында ооруканага концентраторун алып келишкен.
Ачы токой чарбасынын эмгек жамааты да четте турбай ооруканага концентратор алып келишти. Токой чарбанын жетекчиси Алымсак Бегматов жетектеген чарба элге ден соолук, тынчтык каалады.
Эскерте кетсек, Могол айыл аймагындагы жети айылдын элине күндүзгү стационар кабыл алуу жайы, Ооган-Талаа айылындагы спортзалда ачылган.
Базар-Коргондо калк саламаттыгына камкордук көрүүнүн акциясы болуп, 20 жыл мурда мектепти бүтүрүп кеткендер юбилейлик жолугушуу иш-чарасынын ордуна концентратор, костюмдар, дары-дармектерди беришти.
Гүлназ Камбарали кызы