“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Бүтүрүүчүлөр дарыгерге жардам беришти

19 Июль 2020 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны: 94

Базар-Коргондо калк саламаттыгына камкордук көрүүнүн дагы бир акциясы болду. Мындан 20 жыл мурда мектепти бүтүрүп кеткендер юбилейлик жолугушуу иш-чарасын уюштурууну токтотуп, ага карата чогулган каражатты адам өмүрүн сактап калуу ишине берүүнү чечишти.

Бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу учуру

 

Алып келген дары-дармектер

Буга райондогу дарыгерлер, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери ыраазылык билдиришти.

Коргонуучу каражаттар, 3 кычкылтек концентратору, пульсоксиметрлер алынып келинди

Бүгүн, 19-июль күнү райондогу Кеңеш айыл аймагында жайгашкан №12 Капарбек атындагы мектептин 2000-жылы бүтүргөндөр райондук аймактык ооруканага келишип, 3 кислороддук концентраторду, 2 пульсоксиметрди, антисептиктерди, өздүк коргонуучу кийимдерди тапшырышты. Аймактык оорукананын дарыгерлери аларга ыраазылык билдиришти.

Бүтүрүүчүлөр мындай жардам берүү акциясы ушуну менен токтобой дагы улана турганын, ал улантыларын айтышты.

Базар-Коргондун дарыканаларында абал кандай?
Гүлназ Камбарали кызы