“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондун дарыканаларында абал кандай?

15 Июль 2020 жыл 23:35
Көрүүлөрдүн саны: 64

Базар-Коргон районунун борборундагы дарыканаларда абал кандай? Учурда элге керектүү дары-дармектер барбы? Алардын өлчөмү жетиштүүбү? Тейлөө жагы жакшы уюштурулганбы? Санитардык эрежелер туура сакталабы? Дары-дармектердин баалары көтөрүлүп кеткен жокпу?

Дарыканаларда дарылар жетиштүү

Ушул суроолорго жеринде жооп табуу үчүн Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын атайын буйругу менен түзүлгөн топ район борборундагы аптекалардын санитардык-эпидемиологиялык абалына, вируска каршы дарылардын, беткап, антисептик сыяктуу учурда элге өтө керек болуп жаткан медициналык препараттары боюнча мониторинг жүргүздү.

Мониторинг жүргүзүү мезгилинде

Райондун борборунда 20га жакын дарыканалар бар. Мониторинг тобу алардын 13үндө болуп, жалпы абал менен таанышты.

Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Замира Адышова дарыканалардагы дары-дармектерге мониторинг жүргүзүп, көзөмөлгө алды

Керектүү дары-дармектердин барлыгы, өлчөмү жана баалары боюнча сурамжылап, көзөмөл жүргүзүлдү. Бир катар дарыканаларда санитардык эрежелердин толук сакталбай жатканы аныкталып, сунуш-талаптар айтылды.


Азырынча дарыканаларда элге керектүү дары-дармектер бар жана алардын баалары кескин көтөрүлгөн эмес.
Мындай мониторинг иштери дагы да улантыла турганын түзүлгөн топ билдирди.

Базар-Коргондук мигрант жаштар ооруканага кычкылтек концентраторун сатып беришти 

Гүлназ Камбарали кызы