Базар-Коргон районунда кылкандуу дан эгиндери бышып, дыйкандардын кызуу иш үстүндө экени көрүнүп турат.
Райондо дан эгиндерин чаап-жыйноо иши кызуу жүрүп жатат. Буга карата техникалар, ар кандай шарттар түзүлүп, даярдыктар көрүлгөн болчу.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Нургазы Нармырзаев жана райондук айыл чарба департаментинин башчысы Авазбек Палванов оруп жыюу өнөктүгүнүн абалына кызыгышып, буудай талааларына барышты.
Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнө кызыгышкан жетекчилер комбайндардын ишине, комбайнчыларга түзүлгөн шартка да көңүл бурушту.
Аваз Палвановдун айтымында, район боюнча жалпы 5022 гектар аянтта дан эгиндери болсо, анын 2537 гектары буудай, ал эми 2485 гектары арпа аянттары эсептелет.
Кочкор районунун Чолпон айылында эгин тазалоочу аппараттар орнотулду.
Аймээрим Саитжанова