Базар-Коргон районунун аймактарындагы сууга түшүүчү көлмөлөрдүн, бассейндердин тизмеси аныкталып, сууга түшүү боюнча жарандарга түшүндүрүү иштери жүрдү.
КРнын ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 10-майындагы №217 “Суу объектилеринде жарандардын коопсуздугун алдын алуу жөнүндө” буйругун аткаруу максатында Базар-Коргон районунун аймагындагы жайкы сууга түшүүчү көлмөлөрдүн бассейндердин тизмеси такталды.
Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагындагы жайкы сууга түшүүгө уруксаты жок Кайырма суу сактагычында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлүп жатат.
Жайкы сууга түшүү мезгилинде адамдардын кырсыкка учуроосунун алдын алуу максатында, суу жээктериндеги жашаган тургундарга жана сууга киринүүгө барган учурда жаш балдарды кароосуз калтырбоо жана суу сактагыч көлүнө сууга түшпөө орт коопсуздугунун алдын алуу боюнча 93 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондук мамлекеттик админстрациясынын 2020-жылдын 2-июнундагы №216-б буйругу чыгарылып, бүгүнкү күндө атайын эскерткичтер жазылып илинди.
Мындан мурда да сууга чөгүп кетүүдөн сактануу боюнча балык уулагандарга эскертилген
Тимур Мелисбеков