“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кызыл-Суу айылында эл ашар жолу менен көпүрө салышты

24 Июнь 2020 жыл 18:24
Көрүүлөрдүн саны: 90

Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.

Ашар жолу менен салынып жаткан көпүрө

Айылдардын ички инфраструктурасын жакшыртуу, калктын ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүү иши жергиликтүү бийликтин негизги милдети. Бирок, мында жергиликтүү жамааттардын демилгеси өтө баалуу.  Могол айыл аймагынын Кызыл-Суу айылындагы тургундар демилге көтөрүп, алардын жашоо-турмушу үчүн эн зарыл көпүрөнү ашар жолу менен курууну башташкан.

Жергиликтүү эл кызуу иш учуру

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгелүү тургундарга колдоо иретинде товардык-материалдык жардам берилген.

Мурдагы көпүрө жыгачтан эле

Жергиликтүү элдин айтымында бул көпурө өтө зарыл эле. Анткени биз  айыл менен башкы жолго чыгуу үчүн  жыгачтан жасалган көпүрөбүз эскилиги жетип кооптуу болуп калды. Жалпы жамаат сүйлөшүп, көпүрөнү баштоону чечтик.
Буюрса, эл күткөн көпүрө курулуп, элдин кызыкчылыгына пайдаланылат деп билдиришти.

Даярдаган: Ширин Маратбекова