“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районунун «Баатыр энелери» сыйланышты

7 Июнь 2020 жыл 0:04
Көрүүлөрдүн саны: 96

Базар-Коргон району боюнча 1265 баатыр эне каттоодо турса, бүгүн да ал тизмеге жаңы «Баатыр энелер» кошулду.

«Баатыр эне» Бузайна Эрмекова 42 жыл эл агартууда иштеген. 7 уул-кызы бар.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-май 2020-жылы өлкөдөгү көп балалуу энелерге “Баатыр Эне” наамын жана “Энелик даңк” медалын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн миңдеген энелеринин катарында Базар-Коргон районунун көп балалуу энелери да ушундай сыйлыктарга татыктуу болушту.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Баатыр эне» наамын тапшыруу учурунда

 

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев наам тапшыруу мезгилинде

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында энелерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Баатыр эне күбөлүгү

Жыйынга ар кайсы айыл аймактарында жашаган көп балалуу энелер келишти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакыт Козуев акимдин орун басары Замира Адышовалар энелерди мартабалуу сыйлыктары менен куттукташып, аларга жакшы каалоолорун айтышты.

Ошондой эле аталган жетекчилер 40 Баатыр Энеге “Баатыр Эне” ордендерин жана 4 көп балалуу энелерге “Эне даңкы” медалдарын тапшырышты. «Эне-бул бир колу менен бешик терметсе, экинчи колу менен аалам терметет. Энелер бар аалам сакталып турат. Эне ааламдын түркүгү. Бар болгула энелер! Сиздер тарбиялап, өстүргөн балдар, мамлекетке кереги жараган инсандар деп ишенемин. Дагы бир жолу наамыңыздар кут болсун урматтуу «Баатыр энелер»-деди аким Бакыт Козуев өз каалоосунда.

Баатыр эне наамын алган энелердин арасында Могол айыл аймагынан да апалар барып, наам алышты.

Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева төмөндөгүлөргө токтолду:-«Биздин Могол айыл аймагыбызда быйылкы 2020-жылы алты эне «Баатыр эне» наамын алышты. Алар Чкалов айылынан Үлпат Жумабаева, Айзада Кадырова, Уулбү Таева, Ооган-Талаа айылынан Анзират Нышанова, Көк-Тонду айылынан Назгүл Ажыматова, Ракыя Муктаровалар наам менен сыйланышты. Айыл аймак боюнча 198 баатыр энебиз бар. Мен өз кезегимде баатыр энелерибиздин наамдары кут болсун демекчимин. Эрезеге жеткирип чоңойтуп, бапестеп баккан уул-кыздарынын төрүндө урмат-сыйга бөлөнүп жүрө беришсин, өмүрлөрү узун болуп, ден соолуктары чың болсун, кадырлуу, дөөлөттүү болушсун.»

Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева наам алган «Баатыр энелер» менен

Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык секторунун башчысы Сүйүмкан Кожонова: «Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара «Баатыр энерлерге» арналды. Базар-Коргон районундагы баардык айыл аймактарындагы баатыр энелерди чогултуп, сыйлыктар тапшырылды. Негизи эне-бул ыйык. Аны сыйлоо ар бирибиздин милдетибиз. 7-10 баланы төрөп, өстүрүп, аларга татыктуу тарбия берип, мына бүгүн наам алуусу ар бир эне үчүн эң жогорку наам десем жаңылышпаймын. Бүгүнкү сыйлык ээлерин куттуктаймын. Дайыма маанайлары бүгункүдөй ачык болуп, узун өмүр сүрүп, уул-кыздарынын сый-урматын көрүшсүн».

Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык секторунун башчысы Сүйүмкан Кожонова

Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык секторунун башчысы Сүйүмкан Кожонова

 

Баатыр эне Бузайна Эрмекова-«Бизди сыйлап жаткан Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы Бакыт Козуевге жана анын жалпы жамаатына, Акман айыл аймагынын башчысына жана жалпы бүгүнкү салтанатты уюштургандарга ыраазычылык билдиремин. Мына мен 7 баланы татыктуу тарбияладым. Уул кыздарым өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүнүүсүнө өз салымдарын кошуп түрдүү тармактарда эмгектенип жатышат. Дагы да Кыргызстанга кереги жарайт деп ишенемин.»


Баатыр энелерге көнүлдүү концерттик программа көрсөтүлүп, белектер тапшырылды.

 

Базар-Коргон районунун «Шайыр апалар» тобунан ыр аткаруу мезгилинен

 

Баатыр энелер көрсөткөн сыйы үчүн өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековго, аким Бакыт Козуевге  ыраазылык билдиришти.
Азыр Базар-Коргон районунун аймагында 1265 Баатыр эне каттоодо турат.

 

Алыскы айылдагы эң жаш баатыр эне тууралуу бул макаладан окуңуз.

Гүлназ Камбарали кызы