Окуучулар жана бала бакча тарбиялануучуларды сыйлоо аземи өттү.
1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата онлайн форматында мектеп окуучуларынын жана бала бакча тарбиялануучуларынын арасында «Мекеним — Кыргызстан» аттуу конкурс, ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасында «Сыйкырдуу боёктор» аттуу сүрөт конкурсу 15-майда жарыяланып, жыйынтыгы чыгарылды.
Көпчүлүктүн пикирлери эске алынып, жюри конкурстун жыйынтыгын 1-июнда чыгарды жана райондук мамлекеттик администрация тарабынан конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор, акчалай сыйлыктар райондук иш-чарада тапшырылды. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер үйлөрүнө алып барып тапшырылды.
Балдардын сүрөт конкусуна жалпысынан 63 окуучу катышып, 17 окуучуга сыйлыктар тапшырылды. Бул максатта район акими тарабынан 10 миң сом акча бөлүнгөн эле.
Райондун акими Бакыт Козуев сыйлыктарды тапшыруу менен бирге окуучуларга жакшы тилек-каалоолорун айтты.
Ал эми №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин окуучусу Нурайида Маматова биринчи орунду алып кубанычы койнуна батпай турган мезгили.
Мектептин класстан тышкаркы иштерин уюштуруучусу Гулжамал Маткулова төмөндөгүлөргө токтолду:
«Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жөнөтулгөн буйруктун негизинде Нурайида Маматова сүрөт тартты, аны райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Илманбек Ибраимовго тапшырганмын. 30-май күнү окуучуңар 1-орунду алды деп кабар келди. Аябай кубандым. Нурайида өтө таланттуу кыз. Көп көркөм өнөр сынактарга катышып жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарды алып жүрөт. Бул кызданы үмүтүбүз чоң.
«Бүгүнкү 1-июндагы өтүлүүчү аземге чакырылып, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевдин колунан акчалай сыйлыктарды, белектерди алуусу Нурайымга дагы бир стимул болду десем жаңылышпаймын. Окуучуларга колдоо көрсөткөнү үчүн аким Бакыт Козуевге да ыраазычылык билдиремин. Балдар биздин келечегибиз»-деди Гүлжамал Маткулова.
Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы