“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Беш-Бадам айылында жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат

2 Июнь 2020 жыл 0:39
Көрүүлөрдүн саны: 58

Базар-Коргон районунун аймагында жаратылыш кырсыктарынын, элге келүүчү ар кандай кооптуу кубулуштардын алдын алуу, калк коопсуздугун камсыз кылуу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.

                                                   Беш-Бадам айылындагы кызуу жүрүп жаткан иш учуру

Алсак, 2020-жылга атайын алдын алуу жана кесепеттерди жоюу багытындагы иш-чараларынын алкагында бир катар объекттерде иш алып баруу пландалган.

Беш-Бадам айылынын 300 кожолуктан ашуун калкын ичүүчү таза жана сугат суу менен камсыз кылуучу суу түтүкчөсүн сел алып кетпесин үчүн аны сактап калуу аракеттери көрүлүүдө.

Сайдын жээгин бекемдөө мезгили жергиликтүү эл жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери

                  Жээке коюлган 220 даана габион торчолору

Сайдын нугун сел жеп кетпесин үчүн анын табигый жээгин бекемдөө зарыл. Бул иштерге ӨКМ (Өзгөчө Кырдаалдар Министрлиги) тарабынан бүгүнкү күндө 220 даана габион торчолору, ХОВО үлгүсүндөгү 1 автосамосвал унаа, бөлүнүп берилген. Бул ишке жергиликтүү бийликтер да кол кабыш кылып, 1 даана ХОВО унаасы, 1 даана автожүктөгүч, 1 даана эксковатор, 1 даана КАМАЗ унаасы берилип, жээкке габион торчолорун коюу жумуштары жүрүп жатат.


Жергиликтүү элдин айтымында мындай кам көрүү менен жаз мезгилиндеги табигый кырсыктардын алдын алып, алардын бейкут жашоосуна өбөлгө түзүп жаткан Жалал-Абад, Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар кызматына ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы