“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт баян: Кайырма айылындагы балдар бакчасы балдарды кабыл алууга даяр

23 Май 2020 жыл 0:29
Көрүүлөрдүн саны: 136

Райондогу бир катар айыл аймактарында балдар бакчалары курулуп бүтсө, айрымдарында курулушу жүрүп жатат. Бул да болсо, айылдагы балдарга, энелерге жакшы шарттарды түзүү максаты менен жасалып жатат. Курулган балдар бакчаларынын шарттары заман талабына туура келет. Анда балдарга зарыл тарбия берүү боюнча бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн.

Райондогу Акман айыл аймагына караштуу Кайырма айылындагы №38 “Гүлдесте” балдар бакчасынын курулушу бүтүп, быйыл жыл башында пайдаланууга берилген. Баары 75 орунга ылайыкташкан, республикалык бюджеттен каржыланган, областтык капиталдык курулуш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылган. Долбоордук наркы 24 миллион 234 миң сом болсо, тендердик наркы 19,79 миллион сом болду. Курулуш 2015-жылы башталган эле.

 

 

 

 

Балдар бакчасы пайдаланууга берилип, бирок таажылуу вирустун таркашынын кесепетинен балдарды кабыл алууга үлгүрбөй калды. Азыр бул жерде балдарды кабыл алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

 

 

Айланасын тосуу, аймакты асфальттоо, гүл эгүү, актоо-сырдоо иштери толук аткарылган. Ички жасалгасы, инвентарлары менен камсыз болгон. Заман талабына жараша толук даярдыкка келтирилген.
Дайыма балдарга камкордук көрүүгө даяр экениндиктерин билдирди балдар бакчасынын тарбиячылары.

 

 

 

 

 

 

Тахмина Суеркулова