“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мектептин курулушу токтогон жок

23 Май 2020 жыл 1:08
Көрүүлөрдүн саны: 111

Учурдагы өзгөчө кырдаалга карабай Арстанбап айыл аймагындагы Юрий Исламов, Кош-Терек мектептеринде кызуу курулуш иштери жүрүп жатат.

 

Курулуш иштерине жардам берип жаткан Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев жана эмгек жамаат

 

Тактап айтканда, Кош-Терек негизги мектебинин спорт залы жок болгондуктан жеке ишкер Досматов Кубатбек тарабынан он миллион сомдук спорт зал курулууда. Буйруса жаңы окуу жылында окуучуларыбыз жаңы спорт залында ден-соолугун чыңдоого жана окуу тарбия иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү деп мугалимдер кубанычта.

 

Экинчи кабатка көтөрүлүүчү тепкичтердин курулушу

 

Ал эми Юрий Исламов атындагы орто мектебинин кошумча жаңы имараты жалпы тургундардын демөөрчүлүгү менен курулду. Учурда жылуулук системасы жана экинчи кабатка көтөрүүлүчү тепкичтерин бүткөрүү астында турат. Жакын арада курулуш иштери аяктап колдонууга берилет.

 

Кошумча класстык бөлмөлөр

 

Курулушка жеке демөөрчүлөр, ата-энелер жана мугалимдер жамааты тарабынан тогуз миллион алты жүз отуз үч миң сом, айыл өкмөттөн бир миллион жети жүз отуз миң сом салым кылышкан. Бардыгы болуп -11363000 (он бир миллион үч жүз алтымыш үч миң) сом акча каражаты жыйналып курулуш иштерине жумшалды.

Юрий Исламов мектебинин курулуш иштери

 

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев мектептерде болуп жаткан курулуш иштери боюнча тынымсыз кабар алып, мектеп жетекчилерине ар тараптан колдоо көрсөтүп, азыркы таптагы курулуш иштери менен таанышты.

 

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев Юрий Исламов мектебинин эмгек жамааты менен

 

Сопубек Сариев төмөндөгүлөргө токтолду: «Азыркы кырдаал мектептердин курулуш иштерин бир аз басаңдатты. Бирок биз жаңы окуу жылына даярданып, курулуш иштерин аяктайбыз, окуучулар жаңы окуу жылында жаркыраган бөлмөлөрдө билим алышаарына ишенемин.»

 

Гүлназ Камбарали кызы