“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кеңеш айыл аймагында 100 орундуу бала бакча курулууда

19 Май 2020 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны: 65

Базар-Коргон районунда акыркы кезде балдарга камкордук көрүү күч алды. Бир нече айылдарда балдар бакчасы курулууда. Алардын бири Кеңеш айыл аймагындагы балдар бакчасы.

100 орундуу бала бакчанын имараты тургузулуп бүткөн.

Райондун Кеңеш айыл аймагындагы Совет айылында балдарга камкордук көрүү алкагында 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Бул курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, анын долбоордук наркы 35 миллион 937 миң сомду түзөт. Ал эми тендердик наркы 24 миллион 477 миң сомго барабар. Бакчанын курулушу 2019-жылы апрель айында башталган. Быйыл анын имараты пайдаланууга берилет.

      

 

 

 

 

 

Курулушту ишке ашыруучу облустук капиталдык курулуш башкармасы болуп саналат, ал эми анын долбоорун “Перспект проект” жоопкерчилиги чектелген коому даярдаган. Курулушту “СПП Ошкоопкурулуш” жоопкерчилиги чектелген коом алып барууда.

 

Бул бакча пайдаланууга берилген соң, калкы жыш жайгашкан бул айылда көптөгөн үй-бүлөлөр балдарын бакчага берип, пайдалуу жумуштар менен алек болууга мүмкүндүктөр түзүлөт. Ал эми балдардын татыктуу тарбия алышары талашсыз. Аларга бардык шарттар жаратылып берилет.

 

 

Гүлназ Камбарали кызы