“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт: Базар-Коргон районунун соода, тейлөө жайларына рейддер жүрдү

19 Май 2020 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны: 70

Базар-Коргон районунда соода түйүндөр, калкты тейлөө жайлары иштей баштады. Өлкөдө өзгөчө кырдаал, карантин шартындагы абал өкүм сүрүүдө. Коомдук жайларда, ишканаларда беткап тагынуу, антисептиктерди колдонуу, социалдык аралыкты сактоо талабы баарына бирдей.

Соода жайларында бет капсыз отурган сатуучуга эскертүү берилди

Өзгөчө кырдаалга карабастан соода жана тейлөө жайларында мындай талаптар сакталбай жатканы да жашыруун эмес. Соодагерлер кардарларды тейлөөдө соода жайынын кире беришине антисептиктерди камсыз кылып, аларга беткап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону талап кылуусу, өздөрү да беткапчан жана кол капчан тейлөөсү тийиш.

Беткапсыз, колкапсыз соода кылган сатуучулар рейд учурунда өз каталарын эске алышты

 

Калкты тейлөө жайлары да текшерилди

 

Курулуш соода дүкөндөрү

 

Мына ушул талаптын жүзөгө ашырылышын көзөмөлгө алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу үчүн Базар-Коргон райондук администрациясынын жетекчилигинин тапшырмасы менен атайын рейддик топтор түзүлдү.

 

Жарандардын беткапсыз соода кылган учурлар кездешти

 

Алардын курамында райондук мамлекеттик администрациянын, ички иштер органданын, салык кызматынын, жарандык коомдун өкүлдөрү бар.

Райондун борборундагы соода жайларын текшерүү учурунда талаптар дайыма эле аткарыла бербегени көзгө урунду. Соода жасагандар кардарларга санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууну талап кылышпай, өздөрү да сактабаганы аныкталды.

 

 

Рейддик топ аларга эскертүү берүү менен мындай көрүнүш кайталанса, мыйзамдуу жаза чаралары көрүлөрү айтылып, эскертүүлөр берилди.
Азыркы тапта ушундай көзөмөлгө алуу аракеттери улантылып, калктын коопсуздугун камсыз кылуу иши жүрүүдө. Уюшулган рейддик топ калк арасында түшүндүрүү иштерин жасап, элди коопсуздугу, ден-соолугу өздөрунүн колунда экенин, аралыкты сактап, колкап, беткап тагынып, санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууга чакырды.

 

Гүлназ Камбарали кызы