“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбап айылынын калкынын коопсуздугу үчүн кам көрүлдү

19 Май 2020 жыл 15:14
Көрүүлөрдүн саны: 37

Базар-Коргон районунун тоолу аймагынын бири болгон Арстанбап айылынын калкынын таш кулоо коопсуздугу курч болуп келген. 

Арстанбап айылы тоолуу келгендиктен, ылдый карай таш кулашынын, атуулдарга, мал-жандыктарга жана үйлөргө да зыян келтирүү коркунучу элди тынчсыздандырчуу.

 

Мунун алдын алуу жана калктын коопсуз жашоосун камсыз кылуу максатында 17-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закировдун жетекчилиги менен башкармалыктын Мониторинг бөлүмүнүн башчысы ТИзабеков, Таш-Көмүр шаарынын атайын куткаруу отрядынын 14 куткаруучусу, тийиштүү дагы 5 кызматкер, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 5 медициналык кызматкери коркунучту жоюу тийиштүү боюнча иштерди алып барышты.

Ылдый кулап, 11 үй-бүлөгө коркунуч келтирип жаткан таштарды кыркып, төмөн жактагылардын коопсуздугун камсыз кылуу иштери алып барылды.

 

Арстанбап айылынын тургуну Рахматилла Аблазов -«Биздин айыл тоолу болгондуктан таш кулоо тез-тез кайталанып туруучу көрунүш. Айрыкча жаз мезгилинде көп кездешет. Мал жандыктарга, үйлөргө зыян келтирген учурлар көп. Бүгүнкү өзгөчө кырдаалдар бөлүмунун иш-аракети айылдыктарды кубанты. Анткени эми жашообуз коопсуз болот деп ишенишет. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закировдун жетекчилиги менен башкармалыктын Мониторинг бөлүмүнүн башчысы Т. Изабековго, Таш-Көмүр шаарынын атайын куткаруу отрядынын 14 куткаруучусуна, тийиштүү дагы 5 кызматкерине, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 5 медициналык кызматкерине терең ыраазычылык билдиремин.»

 

Гулназ Камбарали кызы