“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Акман айыл аймагында айт күндөрү массалык иш-чаралар болбойт

16 Май 2020 жыл 15:21
Көрүүлөрдүн саны: 125

Алдыда Орозо айт сыяктуу жалпы элдин катышуусу менен белгиленүүчү күндөр келе жатат. Азыркы таажылуу вирустун айынан карантин жарыяланган мезгилде жалпы калктын жүрүм-турум эрежеси кандай болуш керек?

Эл менен жолугушуу учурунда

Айттыктарды кандай өткөрүү боюнча Базар-Коргон райондук жетекчилик, айыл өкмөттөрү эл менен баарлашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бүгүн Акман айыл өкмөтүнүн аймагында  жыйналыш өтүп, анда райондун акими Бакыт Козуев, айыл өкмөттүн жетекчилери, айыл аксакалдары, айыл башчылары жана бийлер, мечит имамдары, коомчулуктун башка да өкүлдөрү чогулуп, Айт майрамына байланышкан иш-чараларды кантип өткөрүү тууралуу кеп-кеңеш курушту.

Райондун акими Бакыт Козуев: «Түзүлгөн кырдаал жана калктын саламаттыгынын коопсуздугу тууралуу, мындай иш-чараларды убактылуу токтото туруу, эл аз катышкан форматта алып баруу тууралуу сунуштарын айтты. Элди ыксыз чыгымдардан баш тартып, аш, жылдык сыяктуу мааракелерди өткөрбөй турууга чакырды.»

Жолугушууга катышкандар мындай сунуштарды, чакырыктарды ортого сала талкуулап, азыркы тапта калктын саламаттыгы, тынчтыгы баарынан маанилүү деген жыйынтыкка келишти.

Ошондуктан да Акман айыл аймагында быйылкы жылы Айт майрамында жылдык, аш берүү сыяктуу иш-чаралар убактылуу өткөрүлбөй турган болду. Айт майрамы көчөдө, үймө-үй кыдырып бата кылуу менен эмес, ар бир үй-бүлөдө өз алдынча гана өткөрүлөт.
Мунун баары азыркы кырдаалда калктын жалпы саламаттыгын коргоо, таажылуу вирустун эл ичинде таркап кетпөөсүн камсыз кылуу боюнча иш аракеттер.

 

Гулназ Камбарали кызы