“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү коомдук жайларды залалсыздандырды

12 Май 2020 жыл 22:22
Көрүүлөрдүн саны: 85

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үчүн калк саламаттыгы баарынан жогору.

12-май күнү райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы жана №78 ӨК-КБнүн өздүк курамынан 14 кызматкер, райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 4 кызматкер, Базар-Коргон айыл өкмөтүндө иштеген 3 кызматкер жана бир “Хундай Портер” 1 тонналык бочкасы чачкычы менен, бир “ГАЗ-53” автоунаасы менен залалсыздандыруу өттү.

Базар-Коргон айылындагы борбордук базарынын ичин, Базар-Коргон айылындагы борбордук 2 мечитинин ичин, тиш дарылоо бөлүмүнүн, салык кызматынын, банктардын имараттарынын айланасын жана ачык соода дүкөндөрдүн, Бегимкулов көчөсүндөгү №1, 2, 3, 4, 5 көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасын, А.Текебаев, Сайдуллаев, А. Аралов, Б. Осмонов көчөлөрүн хлор суюктугу менен дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

Жыйынтыгында, болжол менен 170 миң чарчы метр аянтка 140 литр хлор суюктугу чачылып, ар кандай ылаңдардын таркашынын алдын алуу иштери алып барылды.


«Базар-Коргон райондук администрациясы ар кайсы кызматтар менен биргеликте Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү калктын коопсуздугу үчүн дагы да зарыл иш-чараларды жүргүзө берет»- деп билдирди аким Бакыт Козуев.

Гулназ Камбарали кызы