“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сууга чөгүп кетүүдөн сактануу жагы эскертилди

12 Май 2020 жыл 0:56
Көрүүлөрдүн саны: 80

Базар-Коргон районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү калкты сууга чөгүп кетүүдөн сактануусун камсыз кылуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Азыркы тапта күн ысып, жай мезгили жакындаган сайын атуулдар үчүн сууга түшүү сезону да чукулдап келүүдө. Райондун тургундары Базар-Коргон суу сактагычына барып, сууга түшүүдөн мурда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Базар-Коргон жана Акман айыл аймагынын тургундары арасында суудан сактануу зарылдыгын эскертти.

Базар-Коргон суу сактагычына сууга түшүүгө уруксат жок, тыюу салынган. Бирок ошого карабастан атуулдар сууга түшүү ыктымалдыгы бар. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери 72 жаранга түшүндүрүү иштерин алып барып, коопсуздукту сактоо боюнча эскертүүлөрдү беришти. Сууга түшүүгө тыюу салынганы тууралуу эскертмелерди тийиштүү жерлерге илишти.

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНДУК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮ СУУ САКТАГЫЧТАРДА СУУГА ТҮШҮҮ КООПТУУ ЭКЕНИН ЭСКЕРТЕТ!!!

Ар кандай өзгөчө кырдаалдарга дуушар болсоңуздар токтоосуз 101, 112 номерине телефон чалуунү унутпаңыздар!

Гүлназ Камбарали кызы