“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Райондун акими курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

12 Май 2020 жыл 0:40
Көрүүлөрдүн саны: 67

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакыт Козуев Кеңеш айыл өкмөтүндө жүрүп жаткан калкты таза суу менен камсыздоо долбоорунун ишин көрүп кайтты.

Курулуш болуп жаткан жерде

Бул долбоор Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча тендерден 3 компания жеңип алган. Учурда алар өз участкаларындагы курулуш иштерин алып барышууда.

Жумушчулар менен маектешүү учуру


Долбоордун жалпы наркы 230 миллион сом болсо, тендердик наркы 213 миллион сом болгон. Долбоордун алкагында 4 суу кудуктары, 4 суу кампалары курулат. Бул долбоордун иши 18 айга созулат. Быйыл февраль айында иш башталып, бирок карантин шарттары менен курулуш убактылуу токтоп, эми кайра жандандырылды.

Суу кудуктары

Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев төмөндөгүлөргө токтолду: — «Бул долбоор Кеңеш айыл аймагындагы Шыдыр, Коткор, Аук жана 1-май айылдарына таза суу жеткирет. Баары болуп 15 миңден ашуун эл таза суу ичип калат. Бул да болсо Өкмөттүн элге болгон камкордугу эсептелет. Буюрса, мындай ири долбоорлор ушуну менен гана токтоп калбайт, алдыда жакшы максаттар бар, аларды ишке ашырып, элге жакшы шарт түзүү иштери жүрө берет.»

Бакыт Козуев жумушчуларга түзүгөн шарт менен таанышуу учуру


Райондун акими курулуш иштери, курулушта иштеп жаткандарга түзүлгөн шарттар, ишти жүргүзүү этаптары жана башка маселелер менен кеңири таанышып, иштин сапатына көп көңүл буруу керектигин эске салды. Ошондой эле активдүү аракет жасап жаткан куруучуларга ыраазылык билдирди.


Ал эми Кеңеш айыл аймагында 9 айыл, анда 6500 кожолук болуп, 35 миң 319 киши жашайт.