“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо

10 Март 2020 жыл 19:36
Көрүүлөрдүн саны: 82

«Учурда балдарга билим берүү,аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири»- А. Каримов

2020-жылдын 9- мартында Базар-Коргон райондук прокуратурасынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8- январындагы 1сандуу «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» жөнүндөгү жарлыгын аткаруу максатында Базар-Коргон районунун аймагында жашы жете электердин арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндөгү» жана «Үй- бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү» мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жыйналыш өткөрүлдү.

Аталган жыйналышка, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А. Каримов, Базар-Коргон районунун прокурору С.Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун мамлекеттик админстрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Н. Нармырзаев, орун басары Замира Адышова, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, ата-энелер жана жергиликтүү эл катышты.

Иш чарада Алыкулов мектеби тарабынан даярдалган «Мигрант ата-эненин балдарынын тагдыры» аттуу форум-театр көргөзүлдү.

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары А.Каримов: «Учурда балдарга билим берүү, аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири экендигине токтолуп, ыйгарым укуктуу органдарынын биргеликте кызматташуусу күчөтүлүшү керектигин билдирди».

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын милдетин аткаруучу Н. Нармырзаев «Ар бир орто мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор мектеп администрациясы менен биргеликте иш алып барышып, баардык мектептерде видео-көзөмөл орнотуу, окуучулар арасында эмне түшүнбөстүктөр жаралса мектеп мугалимдери менен жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, балдарды коргоо боюнча көптөгөн иштерди аткарууга түрткү берээрин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө, жыйындын катышуучулары тарабынан өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн жасалуучу сунуштарды колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жыйында 2020- жылга карата зордук-зомбулуктарга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана балдарды колдоо боюнча атайын пландын негизинде иш-чараларды жер-жерлерде уюштурууну макулдашышты.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы