“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кыргызстанда биринчи жолу «Кел баарлашалы» подкасты чыга баштады

22 Февраль 2020 жыл 19:30
Көрүүлөрдүн саны: 36

«Кел баарлашалы» подкасты аймактардагы аялдардын окуялары жөнүндө

Тоолу Арсланбаптагы Ооган-Талаа айылындагы мугалим болуп иштеген Камбарали кызы Гүлназ,  элеттеги аялдардын көйгөйлөрүнө кайрылмакчы. Ал айымдардын өздөрүнүн окуялары жөнүндө айтууга мүмкүнчүлүк берип, тынчсыздануу менен өзүнүн оюн бөлүшүп, ар бир аялдын жан дүйнөсүнө, анын окуясын жүрөгү менен сезип, подкастын жаңы сандарын жаздырмакчы.

-Сиз бул подкастка кантип катышып, кызыгуу пайда болду?

-Мен Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарчы болуп иштеп келем. Ошол жактан кат келди. «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан Орто Азия боюнча подкаст үйрөнүү деген тренинг боло турганы жөнүндөгү катты окуп, мен да маалымдаманы толтуруп жөнөтүп койдум. Бирок мени кабыл алышат деп ойлогон эмесмин. Алыскы тоолу аймактагы мугалимди албаса керек дедим. Почтамды карап жатып жаңы кат келгенин көрдүм, ачып окусам «Сорос-Кыргызстан» фондунан  экен.  Ошентип мен тренинге катышып, көп нерсени үйрөндүм. Москва шаарынан келген «Либо-Либо» подкаст жаздырган тренерлерге мен аялдар жөнүндө, балдарды китепке кызыктуруу жөнүндө эки подкасттын идеяларын айттым. Тренер Лика Кремер аймактагы аялдар жөнүндө жазыңыз, анткени алардын жашоосу сиз үчун реалдуу деп кеңеш берди. Ошентип аялдар жөнүндө подкастты жаздыра баштадым.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан подкаст үйрөнүүгө кегендер жана тренерлерибиз менен.

-Подкаст канча сезондон, канча сериядан турмакчы?

Биринчи сезонду баштадым. Буйруса токтотпой улантамын. Бул сезондо Кыз ала качуу менен бактысыз болдум, жакшы апа болуу оңой, жакшы кайнене болуу кыйын, бала кымбатпы же акчабы( алименттен качкан аталар), Мигрант апа( миграцияда жүргөн апалар, кыйынчылыкта бала багып жаткан чоң энелер), мен жакшы апамынбы?, Аял жана кесип деген темаларда алты серия чыгат.

Салтанат Калдыбаева КТРКда биринчи радонун кабарчысы, менин биринчи подкастымды КТРКнын студиясында жаздырууга жардам берип, дайыма подкасттымдын биринчи угарманы.

-Сиздин подкастыныздын башкалардан өзгөчөлүгү?

-Менин каармандарым реалдуу, алар айылда жашаган, мен көрүп жүргөн чыныгы жашоосу жөнүндө айткан адамдар. Алар менен окуяларын тен бөлүшүп, подкасты уккан ар бир адамдын жашоосуна кереги тийип, жакшы жолго бура алса мен өз максатыма жеткен боломун.

«Аял эч кимге айта албаган сырларын, ичиндеги толтура арман-азаптарын эч ким менен бөлүшкүсү келбейт. Ал алсыздыгын көрсөтпөйт. Бирок жашоодо ушундай мезгил болот , сен эч тааныбаган адамдарга өз сырың менен бөлүшкүң келет. «Кел баарлашалы» подкастында мен аялдар менен баарлашып, аны ойлондурганичиндеги уйгу-туйгусу менен бөлүшкүм келет. Подкаст бир эле аялдардын көйгөйлөрү эле эмес, алардын жетишкендиктерин да көрсөтө алат.

-Подкаст канча жолу чыгат?

-Ар айда эки жолу чыгып турат.

-Сиздин демөөрчүңүз кимдер?

-Менин подкасттымды «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланып, колдоп жатат. Убакыттан пайдаланып, фондго жана Тынымгүл Эшиева, Салима Жетибаеваларга ыраазычылык билдиремин.

-Подкасты кайдан, кантип угабыз.

-Подкастты гугл подкаст, апл подкаст тиркемелеринен «Кел баарлашалы» деп жазып издесе баардык сериялары толук чыгат. Урматтуу окурманым подкастты угуп, өз пикириңизди калтырууңузду өтүнөт элем-деди Гулназ Камбарали кызы.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков