“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

5 ТОП түрмөгү: Көпөлөктөр

11 Февраль 2020 жыл 21:08
Көрүүлөрдүн саны: 152

Көпөлөктөр-булар дүйнөдөгү эң кооз жандыктар. Булар өздөрүнүн кооздугу жана назиктиги менен көптөгөн сүрөтчүлөргө жана акындарга дем берип келген. Биз күндөлүк турмушта көпөлөктөрдүн түрлөрүн кездештиребиз. Бирок дүйнөдө көпөлөктөрдүн миңдеген түрү бар. Мына бул чыгарылышта сиздерге дүйнөдөгү эң кооз көпөлөктөрдүн 5 түрүн сунуштайбыз. 

1. Князь көпөлөгү.

Бул көпөлөк эң чоң түнкү көпөлөк болуп саналат. Анын алдыңкы канаттары жыландын башын чагылдырып турат. Бул өзгөчөлүк аны душмандарынан сактаганга жардам берет. Дагы бир өзгөчөлүгү бул көпөлөктүн оозу жок. «Анда алар кандай жол менен азыктанышат?»-деген суроо туулат. Алар болгону бир-эки жума эле жашашат. Ошондуктан ооздук аппараты болбойт.

2. Урания көпөлөгү.

Урания көпөлөгүн Мадагаскардан көрүүгө болот. Урания чындыгында сонун түскө ээ. Көпөлөктү ар тараптан карасан ар кандай түстө болуп көрүнөт. Ураниянын түстөрүндө кызыл, ток сары, сыя көк үстөмдүк  кылып турат.

3. Грета көпөлөгү.

Грета орус тилинен которулуп алынганда «Айнек» дегенди билдирет. Көпөлөктө көрүнүп тургандай эле анын канаттары айнек сымал. Болгону канатынын четки жактары кара-күрөң түстө. Бул көпөлөктөр Борбордук жана Түштүк Америкада кездешет. Аларды байкоо оңой эмес. Анткени алар айнек сымал. Бул өзгөчөлүгү аларга пайда гана алып келет. Башка жырткычтардан жашырынуу оңой.

4. Каллима көпөлөгү.

Каллиманы Азияда жана Африкада кездештирүү мүмкүн. Көпөлөктүн бул түрү өзүнүн канатынын сүрөттөлүшү менен өзгөчөлөнүп турат. Канаттарынын өйдө жагы кара, көк, ток сары түс менен курчалган. Ал учуп бара жатканда канатынын ачык түстөгү көрүнүшүн көрө алабыз. Ал эми ал качан гана конуп, канаттарын бириктиргенде аны байкоо өтө кыйынга турат. Анткени анын канаттарынын төмөнкү жагы жалбырактын сүрөттөлүшүн көрсөтүп турат.

5. Парусник Маака көпөлөгү.

Бул көпөлөктү Көк Махаон деп да атап коюшат. Анын канаттарынын алдыңкы чоң бөлүгү жалтылдаган жашыл түстө. Канатынын бир бөлүгү терең кара түстү чагылдырып турат. Бул көпөлөктү эң чоң күндүзгү көпөлөк деп атап коюшат. Көпөлөктүн канаттары 30 см ге чейин өсөт.

«Бул көпөлөктөрдүн кайсынысы абдан кооз?»-деген суроого так жооп жок. Себеби ар бир көпөлөктүн өзүнүн  өзгөчүлүгү, өзүнүн кооздугу бар.

Даярдаган: Адилет Канат уулу