“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Райондо биринчи жолу «Манас таануу» таймашы өттү

10 Февраль 2020 жыл 8:04
Көрүүлөрдүн саны: 85

«Манас» эпосунун 10 томдуу китебин окуп чыккан соң, мен улуу элдин урпагы экениме сыймыктандым»- Эрлан Арстанбеков Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу.

Кыргыз элинин эң негизги руханий мурасы жана тарыхый байлыгы болгон Манас үчилтигин окуучулар арасында жайылтуу, кыргыз элинин тарыхын, маданият жана тилин сактоо, өнүктүрүү, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо, өсүп келе жаткан жаш муунду «Манас» эпосунун философиясынын негизинде жарандык атуулдукка, достукка, биримдикке, улут аралык ынтымакка тарбиялоо, окуучуларга тарыхты үйрөтүү жана мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу, «Манас» эпосун тереңдеп окуп үйрөнүү боюнча мектеп окуучуларынын билимине, тапкычтыгына баа берүү максатында Базар-Коргон районундагы жалпы билим берүү мекемелеринин арасында «Манас таануу» интелектуалдык телешоу таймашы өттү.

Таймашка райондун 30 мектеби катышып, таймаш жогорку денгээлде өттү.

«Манас таануу» таймашына Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышова катышты. »

Манас эпосун терең окуп, Кыргызстандын патриот улан-кыздарынан болгула, Манас эпосун окусаңар руханий жактан бай, өз маданияттынарды, тилиңерди сактоого үйрөнөсүнөр. Биз райондук администрациясы тарабынан дайыма балдарды колдойбуз. Буйруса Республикалык «Манас таануу» телесынагына өткөн тайпанын жол каражаттын төлөп беребиз»-деди Адышова.

«Манас таануу интелектуалдык телешоу сынагын мурда биз облустарда өткөрсөк, быйылкы жылы райондор арасында өткөрүүнү чечтик. Республика боюнча кырк районду кыдырып таймаш өткөрөбүз. Мына бүгүн Базар-Коргон районуна да келдик. Бул төртүнчү райондо өткөрүшүбүз. Базар-Коргон эли, райондук администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү жакшы тосуп алып, баардык шартты түзүп беришти. Сынакты өткөргөнгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн №6 Б.Осмонов мектебинин директору Арстанбек Матраимовго жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдиремин. Окуучуларды патриоттуулукка, Манас таанууга, эли-жери үчүн канын, жанын аябаган улуу инсандарды тарбияланышат деп ишенемин» -деди КТРКнын «Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын башкы редактору Нурбек Талантбеков.

«Манас таануу» интеллектуалдык теле таймашынын Базар-Коргон райондук турунун уюштуруучусу Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова менен маек:

-Саламатсызбы. Бүгүнкү иш чара боюнча айта кетсеңиз?

Бүгүнкү иш чара бизге өтө керек болуп турган иш чара эле. Элдик идеологияны көтөрүп, Кыргызстанга болгон сүйүүнү күчөтүү, рухий байлыктарыбызга саресеп салып алдык. «Манас таануу» таймашын өткөрүү үчүн атайын Маданияттын мыкты кызматкери, КТРКнын «Манас таануу» интелектуалдык теле таймашынын башкы редактору Нурбек Талантбеков, Манасчы жана алып баруучу Төлөбек Муса уулу, манасчы Бексултан Имашов жана Таалай Кожогелдиевдер катышышты.

-Таймашты уюштурууда кыйынчылыктар болдубу?

-Уюштуруудагы кыйынчылыктарды иш чараны ишке ашыруу далалаты жеңип, билинбей калды.

-Бул таймашты улантуу кажетпи?

-Манас таанууну улантуу керек. Себеби элибизди ширетип, жерибизди өнүктүрүү үчүн мыкты идеалогия керек. Ал тургай бала бакчадан баштоону биздин райондон да баштап уюштурууну колго алабыз деген ниеттебиз. Уюштурууда жетекчибиз Сопубек Сариевдин колдоп, өзү да уюштурууну колго алганы үчүн иш чара жогорку деңгээлде өттү.

-Маегиңизге чоң рахмат ишиңизге ийгилик.

«Мындан 2 жыл мурун мен «Манас таануу» таймашында райондук турдан биринчи орунду алып, облустук турдан төртүнчү орунду алдым эле. Бүгүн да окуучуларымды алып келип райондо экинчи орунду ээлеп, облуска жолдомо алдык. Албетте, таймашка тайпаны даярдоо зор эмгекти талап кылат, тынбай изденүү, китеп окуу, тайпадагы балдардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү оор, бирок мен Манас эпосун ушунчалык сүйгөндүктөн мен үчүн даярдоо сыймык»-деди 1-май мектеп гиназиясынын директору Эмил Усенбаев.

№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучусу Диана Абдумиталипова: Мен биринчи жолу Манас таануу таймашына катышып жатам. Мага аябай жакты. Манас эпосун окуу менен көп нерсени үйрөндүм. Бизди даярдаган эжекелериме жана мектебибиздин директору Давлет Омурзакова рахмат айтам. Мен кийинки жылга мындан да жакшы даярданам жана катышам».

«Биз райондогу эң алыс №21 Ташиев мектебинен келдик. Таймаш кызыктуу жана таасирдүү өттү. Окуучуларда жаңы шык, жаңы дем пайда болду. Жакшы даярдык менен келип мактоо баракчаларын алдык»-деди мектептин кыргыз тил мугалими Венера Курбаналиева.

Алтын-Кыя мектебинин мугалими Гүлзина Кочкорова: -«Кызыл-Үнкүр айылындагы жаңы ачылган «Алтын-Кыя» мектебинен өзүбуз суранып катышалы деп демилге көтөрүп, билим берүү бөлүмүнө кайрылып бул таймашка катыштык. Негизинен таймаштан көп нерсени алдык. Райондук билим берүү бөлүмүнө, уюштуруучуларга рахмат»

Жеңүүчүлөргө «Манас таануу» теле таймашы тарабынан китептер, атайын медалдар жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдаган мугалимдерге, мыкты тайпаларга мактоо баракчалары тапшырылды.

1-орунду №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби

2-орунду 1-май гиназия мектеби алды.

Өзбек, орус тилдүү мектептерден 1-орун №11 Алыкулов, 2-орунду №16 К.Рахманов мектептери алып, облуска жолдомо алышты.

Даярдаган: Гулназ Камбарали кызы