“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Маданият үйүндөгү тиш доктур

8 Февраль 2020 жыл 18:36
Көрүүлөрдүн саны: 78

«Шартсыз ишканада иштөөгө мажбурбуз»-деди Алмаз Ибраимов

Ооган-Талаа айылындагы оорукананын эскилиги жетип, урап калгандыктан, оорукана бузулуп, ордуна жаңы ооркананынпайдубалы тургузулду. Ал эми мурдагы ооруканаын ичиндеги бөлүмдөр айылдын бош имараттарына убактылуу көчүрүлгөн. Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчылары  дарыгерлердин иштөө шарты менен таанышты.

«Оорукана бузулат дегенде бизди ар кайсы бош имартаттарга жайгаштырышты. Биринчиден биз азыр маданият үйүндөгү чакан бөлмөдө шарты жок жерде иштеп жатабыз. Экинчиден бул жер суук болгондуктан атайын мештер менен жылытабыз. Бөлмөнүн ичи таар болгондуктан үч тиш дарыгери бир жердебиз. Албетте бизге ыңгайсыз. Бирок элдин кызматындагы дарыгер болгондуктан, шарттка карабай ооруп келген ар бир оорулуну дарылоого даярбыз. Буйруса жаңы оорукана бүтүп калса, жаркыраган, заманбап ооруканада иштеп калабыз деп ишенебиз»-деди Алмаз Ибраимов.

Даярдаган: Жылдыз Ильясова.