“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кыялдар орундалат

27 Январь 2020 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны: 293

Кыялдануу-адамдын билиминин жана тажрыйбасынын негизинде жаңы ойлорду, сунуштарды жаратуучу татаал психикалык жараян.

Кээ бирибиздин ийгиликке жете албай, кыйналып жүргөнүбүздүн себеби биздин аз акча тапканыбызда эмес, болгону биз өзүбүздү психологиялык жактан ийгиликке татыктуу көрө албаганыбызда, ийгиликтүү адам катары өзүбүздү элестете албаганыбызда.

«Мен дайыма кыялданам, ал эми кыялгандар эч качан багынышпайт».

Брюс Ли»

Ийгиликке жетүү үчүн көзүңүздү жумуп элестетиңиз, сиз МИЛЛИОНЕРСИЗ! Өзүңүз каалагандай жашоону элестетиңиз. Балким, кинодогудай. Бүгүн кандай абалда болбоңуз, балким, окууну аяктап, эмне жумуш кыларыңызды билбей жүргөндүрсүз, балким, кыйналып жаткандарсыз, айырмасы жок. Убакыт келет, сиз элестеткендей жашоодогу МИЛЛИОНЕР болосуз! Бирок жакшы тарабы, миллионер болуу, болбоону сиз гана чечесиз!

«Кеме суунун үстүндө жүргөндө чөкпөйт. Анын ичи сууга толгондо чөгөт. Бизди курчап турган нерселер маанилүү эмес. Биздин ичибизде эмне болуп жаткандыгы маанилүү.

Владислав Радимов»

Кээ бирибиз кыялдарыбыздын ишке ашышына ишенбей, же кыялдарыбыздын орундалышына аракет жасоо колубуздан келбегендей сезебиз. Ал туура эмес. Колубуздан баары келет. Ийгиликтүү адамдар да сиз сыяктуу эле кыялданган, ошол кыялын орундатуу үчүн чын жүрөктөн каалоо, аракет жана эмгек кылган. Ар бир күнүн, ар бир саатын ошол кыялын орундатуу үчүн арнашкан. Сиз ийгиликке жетүүңүз үчүн, көнүп калган адаттарыңыз менен коштошууңузга туура келет. Жашоодо эң кыйыны-өзүңүздүн даман адаттарыңыз менен күрөшүү.

«Күндө эмнени жаратсак, биз ошобуз. Мыктылык-бул аракет эмес, бул-адат.

Аристотель»

Кыялданууну реалдуулукка өткөрүү. Кыялыңызды орундатыңыз.

Даярдаган: Адилет Канат уулу