“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айылдан чыккан акын-Токторалы Жапаров.

25 Январь 2020 жыл 19:26
Көрүүлөрдүн саны: 92

«Ааламга жол, айылдан башталат «-демекчи айылдан чыккан акын Токторалы Жапаров агай жөнундө сөз болмокчу.

Токторалы Жапаров 1950 -жылы Базар-Коргон районуна караштуу Көк -Алма айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жапар Кошалиев, апасы Ислат Кошалиеванын колунда 8 бир туугандын ичинде тарбия алган. Үй бүлөдө эң улуусу.

Менин ыр жазуума эң негизги себеби-бул китеп. Мен кичинемде эле китепти сүйүп окуучумун, андагы көптөгөн каармандарды үлгү катары кабыл алып, кээде шумкар болуп учуп кетсем, кээде кедейлердин арасына түшүп калчуумун. Мына ушул окуган китептеримдин артынан ыр  жаза баштадым. Сезимдеримдин, ойлорумдун баарын  жыйнап алып, калемди колума алып, ички дүйнөмдү тоого салчуумун. Менин бул талантымды албетте, агай эжейлер баалашты андан соң  10-класста «Ленинчил» гезитинин бетине чыкты.

Ырларынан бир узунду: 

                   Тайкеме

Агарбасын чачыңыз

Аман болсун башыңыз

Ардактуу тайке кут болсун

Азыркы 50 жашыңыз

Азайбасын алыңыз

Аман болуп жаныңыз

Ага деле аз калды

Алтымышка барыңыз

Арыктабай этиңиз

Андан ары кетиңиз

Желдей болгон жетимиш

Ал жашка да жетиңиз

Орундалып оюңуз

Боло берсин тоюуңуз

Сакал менен муруту

Сексенге барып коюуңуз

Жакшы болуп ишиңиз

Түшпөсүн сиздин тишиңиз

Токсонго барып той кылып

Тойгуча кымыз иниңиз

   Ушуга чейин ыр жазып

Мокобосун жээниңиз

100 жашты сизге калаган

Токторалы жээниңиз.

Токторалы Жапаров азыркы кезде ардактуу эс алууда. Бош мезгилинде ыр жазуу менен алектенет. Жубайы Азимбү жана үч уул, эки кыздын ардактуу атасы, неберелеринин сүйүктүү чоң атасы.

Даярдаган: Ширин Маратбекова