“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Пайдалуу кеңештер

21 Январь 2020 жыл 18:29
Көрүүлөрдүн саны: 68

Ийгиликке жеткен көпчүлүк адамдардын адаттары жана мүнөздөрү:

  1. таң эрте турат;
  2. спорт менен машыгат;
  3. убактысын туура пайдаланат;
  4. ар дайым өзгөрүүгө даяр;
  5. максатын так билет;
  6. чыдамкай;
  7. сөзүнө турат;
  8. жумушун кызыгуу менен жана жан дили менен аткарат;
  9. жашоого кызыгып жашайт жана андан ырахат алат;
  10. ар күнү план менен иштейт;
  11. тобокелдик кылат;
  12. ар күнү максатына жетүү үчүн эмне кылганын жазат;
  13. маселени токтоосуз чечет;
  14. жөнөкөй, кичи пейил жана кечиримдүү болот;
  15. ийгилигинин сырлары менен бөлүшөт;
  16. ийгиликтүү инсандар менен мамиле түзөт;
  17. китеп окуйт;
  18. көп изденет;
  19. ката кетирген болсо, биринчи өзүн күнөөлөйт;
  20. адамдар менен идея тууралуу сүйлөшөт;
  21. аракетчил, мээнеткеч болот;
  22.  кетирген катасынан сабак алат.

Бул адаттардын баарын ийгиликти багындырган адамдардын көбүнөн байкадым.

«Адаттар канчалык көп болсо, эркиндик ошончолук чектелген болот.            

«Иммануил Кант»

«Жакшы иштерди кыл, ал сенин жашооңдогу эң акыркы ишиң экенин элестет. Аны сен мына бир аздан кийин өлөөрүңдү билип  аткар».

«Жакшылык кыл! Мейман дос бол, башкаларга жылмаю тартуула, соорот, жакшы сөздөрдү айт, колдо, үмүт бер, элдин жашоосун жеңилдет».

 

Даярдаган: Адилет канат уулу