“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Даарылык касиетке ээ булагы бар үңкүр

21 Январь 2020 жыл 21:03
Көрүүлөрдүн саны: 64

Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы Арсланбоб жергесиндеги үңкүр турасында сөз кылмакчыбыз. ЖМБнун кабарчылары бул туурасында маалымат топтоду.

Бул үңкүрдү көргөнү көптөгөн туристтер келишет. Бул үңкүр жогоруда айтылгандай эле Арсланбоб айылында жайгашкан. Адамдардын айтуусунда бул үңкүрдүн үстү жагында дагы бир кичинекей үңкүр бар. Үңкүргө туристтерди көбүнчө жай мезгилинде кабылдашат. Себеби кыш мезгилинде ал жака чыгуу кооптуу.

 

Бул үңкүргө туристтерди кабыл алуу 2002-жылы башталып 2004-жылы күчөй баштаган. Айылда агып өткөн дарыядан 1200 метр өйдөдө жайгашкан. Үңкүрдүн узундугу 10 метр ал эми бийиктиги 6 метр. Арсланбоб сибитинин башчысы Хаятилла Тарипов үңкүргө келген туристтерди үңкүр менен тааныштырат.

Бул үңкүрдүн дагы бир өзгөчөлүгү, Арсланбоб айылы алаканга салып койгондой кереметтүү болуп көрүнөт.

 

Арсланбоб айылындагы мектептин класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Аблазов Рахматилланын айтымында:»Бул үңкүргө көптөгөн туристтер келишет. Мурда жай мезгилинде келишчүү, азыр болсо кыш мезгилинде да келе башташты. Бул үңкүргө туристтерди кабыл алуу 2002-жылы ишке ашырылган. Үңкүрдүн өйдө жагында дагы бир кичинекей үңкүр бар. Ал жерде тена булак бар. Ал «тена» деген суу башка жака агып чыкпайт дегенди билдирет. Ата-бабаларыбыздын айтуусу боюнча бул булактын суусуна жуунса кандай гана жара болбосун айыгат»-деди Аблазов.

Кызыгы бул тена булакты Арсланбоб айылынын көптөгөн тургундары биле бербейт. Ал эми билгендери бул суунун дарылык касиетин пайдаланып келишет.

Даярдаган: Адилет Канат уулу