“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Арстанбапта жаңы мектептин ачылышы болду

13 Январь 2020 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны: 57

«Мен эми карда, жамгырда суу болуп 5 км басып барып, окубаймын»-деген окуучунун кубанычы менен жыл башталды.

2020-жылды президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоожылы» деп жарылады. Январь айынын алгачкы күндөрүндө Арстанбап айыл аймагындагы Кызыл-Алма участкасында жаңы мектептин ачылышы менен башталды.

Мектеп аталган айылдын тургуну Кубатбек Досматовдун демөөчүлүгү менен курулду. Айылдын эли ашар жолу менен курулушту баштаганда, Арстанбап айыл аймагындагы айыл өкмөт да жардам беришкен. Кызыл-Алма участкасындагы мектеп 180 орунга ылайыкташкан. Эки кабаттуу 6 бөлмөлүү, заманбап жылыткычтары менен , сметалык баасы 20млн сомдук болду.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Жалал-Абад облустунун губернаторунун орун басары Рысбек Ызабеков, облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акылбек Токтосунов Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Бурканов, Арстанбап айыл аймагынын башчысы Улукбек Таштанов, Арстанбап айылдык кеңешинин төрагасы Жасурбек Абдухалилов, аталган айылдын депутаты Хашим Атакозуев, мектепке демөөрчү болгон Кубатбек Досматов жана айыл эли катышты.

Билим берүү мекемеси «Арстанбап атындагы №19 жалпы билим берүүчү орто мектебинин Темирбай Досматов атындагы филиалы» деп аталды

Мектептин ачылышын төмөндөгү тасмалардан көрсөңүздөр болот:

Даярдаган: Ширин Маратбек кызы