“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Биз зомбулукка каршыбыз аттуу талкуу өттү

7 Декабрь 2019 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны: 97

Ар бир жараан төрөлгөндөн баштап өз кадыр-баркы жана укуктары менен, эркин жана тең укуктуу болуп эсептелет.

Базар-Коргон районундагы билим берүү бөлүмүнө караган билим берүү мекемелеринин соц педагогдоруна «Биз зомбулукка каршыбыз» деген темада талкуу өттү.

Талкууга Базар-Коргон районундагы мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Замира Адышова, билим берүү бөлүмүнүн инспектору Илман Ибраимовдор катышышты. 

«Ар бир жараан тең укуктуу. Зордук зомбулуксуз жашоо, зомбулуксуз үй бүлө, деген аталышта 16 күндүк жарыяланып, ал буйруктун негизинде иш чаралар тузүлдү. Күнүгө ар түрдүү иш чаралар өтүүдө. Мисалы бүгүн райондогу баардык мектептердин соц педагогдоруна «Зордук зомбулукка каршыбыз» аттуу талкуу өтүп жатат. Бул талкууда зомбулуктун түрлөрү, зомбулуктун кантип алдын алабыз?, канткенде балдарды коргой алабыз? деген суроолордун айланасында талкуу болду. Дагы бир иш чарабыз пландалууда, ага райондогу баардык мекеме, иш каналар жөө жүрүшкө чыгышат.»-деп билдирди Замира Адышова.

«Бүгүнкү талкуу аябай жакшы болду. Спутник жасаган кыздар, Сыяпат, элеттик айымдар жөнүндө тасмалар көрсөтүлдү. Ар бир тасмадан соң талкуу өттү. Өтө кызыктуу жана таасирдүү болду»-деди соц педагог Зарина Самидинова.

Талкууну №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу жана Ооган-Талаа мультимедиа борборунун башкы кабарчысы Гүлназ Камбарали кызы алып барды.

Талкуунун аягында Гүлназ Камбарали кызы төмөндөгүлөргө токтолду: «Бүгүнкү иш чарабыз Зомбулукка каршы 16 күндүк акциясынын алкагында өттү. Мында соц педагогдорго змбулуктун турлөрү, видео тасмалар көрсөтүлүп, талкуу болду. Талкуу аябай кызыктуу болду. Соц педагогдор кызыгуу менен активдүү болушту. Бул иш чаранын алкагында келгендерге «Зомбулуксуз үй-бүлөө», «Кыздар сак болгула», «Эрте жашта турмуш куруу» деген таркатмаларды таркаттык. 9-декабрь күнү Зомбулуктун кантип алдын алабыз аталышында түз эфир өткөрөбүз. Түз эфирге активдүү катышып, келген конокторго суроолоруңуздарды бериңиздер деп чакырып кетем».

Даярдаган: Аймээрим Саитжанова, Жылдыз Ильяз кызы