“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Алыстан жол жүрүп келгениме ыраазы болдум

7 Декабрь 2019 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 115

№33 Ж.Турусбеков мектебинин жаш мугалими Мурзалимова Назгул: «Жаңы стандарт жана компетенттуулук боюнча мыкты маалымат ала алдым. Алыстан жол жүрүп келгениме ыраазы болдум».

Базар-Коргон районундагы билим берүү бөлүмү тарабынан жылдык планга киргизилип, пландалган семинар болуп өттү. Семинар мугалимдерге жаңы стандарт менен сабакты пландоо, аны өтүүдө жаңы усулдардардын колдонулушу боюнча болуп, тренер Маматова Жаркын, Режаббаев Элмурад  со-тренер үйрөтүштү.

Бул иш чара райондук билим берүү бөлүмүндөгү жаңы ынгайлуу, жылуу усулдук кабинетте жетекчи Сопубек Сариевдин иш билгилиги аркылуу уюштурулган усулдук канада өткөрүлдү.

Конспектини проетор менен доскада жана практикада мугалимдер көнүгүүлөрдү аткарышты.

«Семинарга келген мугалимдер биринчиден жаңы маалыматтар үчүн жана ынгайлуу шарт үчүн уюштуруучуларга жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине түшүнүп жөнөткөн мектеп администрациясына раазычылыгын билдиришти»-деди райондук кыргыз тили жана адабияты боюнча секция жетекчиси №6 Осмонов гимназия мектебинин мугалими Назгул Турсуналиева.

Жыйынтыгында семинарга келген мугалимдер Жаркын Маматовага жана Элмурод мырзага ыраазычылык билдирип, ушундай окутуулар көп болсун деп айтып кетишти.

Даярдаган: Г. Камбарали кызы