“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

«Келгиле окуйбуз» долбоору тарабынан окуу өттү

4 Ноябрь 2019 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны: 78

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда «Келгиле окуйбуз» долбооруна тартылган отуз мектептин башталгыч класстарынын усулдук бирикме жетекчилерине атайын тренинг өттү.

Ал жерде башталгыч классынын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү жаатында, жаңы стандарт, методика, отурумдар, жылдык пландар боюнча негизгиси усулдук бирикме жетекчилери үчүн эң керектүү семинар болду.

Семинарды Жаркын Маматова, Сабира Мурзаевалар тарабынан райондо уюштурулуп, түштүк региондор боюнча координатору Самара Юлдашева келип, мектептерге сертификаттарын, методисттерге Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу институтунун директорунун жана «Келгиле окуйбуз» долбоорунун башчысынын атайын грамоталарын тапшырып, сертификаттарды тапшырды.

«Бүгүн мугалимдер биринчи жана экинчи механизм деп аталган атайын окуучулардын ишмердүүлүгүн үйрөтүү жана сабакты биргелешип даярдоо боюнча атайын механизмдерди үйрөнүп кетишти. Бул семинар мугалимдердин өздөрү үчүн пайдалуу болуп, усулдук жардам ала алышты»- деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы Жаркын Маматова.

Райондун тренерлерине
№19 Арсланбоб мектебинен Элмурад Режаббаев


№9 Ж.Асанов мектебинен: Нурийла Капашева

№1 Макаренко мектебинен: Элена Сангаджиева


Исманов мектебинен: Кенжекан Мундузбаеваларга «Келгиле окуйбуз» долбоорунун сертификаттары тапшырылды.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнөн: Жаркын Маматова, Сабира Мурзаева, Нургүл Нуралиевалар сертификаттарга ээ болушту.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ