“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл аймагынын башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды? деген темада түз эфир өттү

12 Октябрь 2019 жыл 20:25
Көрүүлөрдүн саны: 48

Демократия сааты уктуруусунун кезектеги түз эфири Айыл өкмөт башчысы шайланган мөөнөтүнөн бери кандай иштерди алып барды?деген темада өттү. Эфирдин коноктору Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов, Могол айыл жер боюнча адиси Шакир Алимбеков, жана эсепчи Укубаева Зыягул болушту.

Сиз кайсы жылдан бери айыл өкмөтү болуп иштеп жатасыз? Кийинки жолку жергиликтүү кенештин депутаттарынын шайлоосу менен кайрадан айыл өкмөт башчысына шайландыңыз. Эл шайлаган шайлоо жакшыбы же жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлаганбы? Шайланган мөөнөтүңуздө кандай иштерди аткардыңыз?деген суроолор берилди.

Суроолорго Эркин Турдукулов жооп берди. Эфир учурунда фейсбук баракчасынан эң актуалдуу болгон айылдагы тратуарды оңдоо иштер боюнча суроолор берилип, тратуарды оңдоо иштери 2020-жылы башталаарын Эркин мырза айтып кетти.

Мындан сырткары жер адиси Шакир Алимбеков өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, элге жер кантип бөлүштурүлөт, кандай жарандар жер алууга укуктуу, жер маселеси боюнча талаш-тартыш маселесинде кантип чечип бересиздер деген суроолор берилди.

Айыл өкмөтүн эсепчиси Зыягүл Укубаевага бюджет боюнча суроолор берилип, зыягүл айым өз сөзүндө бюджеттин кантип бөлүштүрүп, сарпталаары жөнүндө баяндады.

Түз эфир учурунда фейсбук, вотсап баракчаларынан кызыктуу суроолор берилди.

Эскерте кетсек Демократия уктуруусу Фридрих Эбберт фондусу тарабынан каржыланат.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы