“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Демократия сааты уктуруусу: Аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү

21 Сентябрь 2019 жыл 21:18
Көрүүлөрдүн саны: 83

Базар-Коргон райондук аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердүүлугү деген темада кезектеги Демократия сааты уктуруусунун түз эфири болуп өттү.

Түз эфир фейсбук баракчасында көрсөтүлдү. Демократия сааты уктуруусу Фридрих Эбберт фондусу тарабынан каржыланат.

Түз эфирге  Борбордук шайлоо комиссиясынын Базар-Коргон, Майлуу-Сай, Ноокен аймактарынын атайын өкүлү Махмуд Маматов, Нармамат Мадумаров Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Элнура Жумабаева Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы, ошондой эле Тахир Абдуллаев Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын дагы бир мүчөсү Айбек Калмырзаевдер катышыты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Базар-Коргон, Майлуу-Сай, Ноокен аймактарынын атайын өкүлү Махмуд Маматов өз сөзүндө бүгүнкү күндө аткарып жаткан иштери, такталган шайлоочулардын тизмелери, шайлоо участкалары боюнча кеңири айтты жана өзгөртүү киргизилген мыйзамдардын негизгилерине токтолуп, түшүндүрүп берди. Ал эми аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нармамат Мадумаров азыркы күндөгү аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча баяндама берди. Ошондой эле шайлоо комиссиясынын катчысы, мүчөлөрү өз укуктары жана милдеттери боюнча айтышты.

Эфир учурунда Базар-Коргон, Майлуу-Сай, Ноокен аймактарында канча шайлоо участкасы бар? Азыркы күндө кандай иштерди аткарып жатасыздар? Аймактык шайлоо комиссиясында бүгүнкү күндө канча адам эмгектенип жатасыздар? Кандай жумуш аткаруудасыздар? Сиз Базар-Коргон районунун аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы катары сиздин милдеттериңиз жана укуктарыңыз ?Участкалык шайлоо комиссиясынын курамы кандай тартипте куралат, ким тарабынан шайланат жана бекитилет? (бир тарптуу мекеменин кызматкерлери болобу) деген суроолор берилди. Мындан сырткары фейсбук баракчасына келген суроолорго тийиштүү адистер жооп беришти.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ