Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында жайгашкан Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары арасында «Спорт-ден соолуктун булагы» аттуу футбол оюну өттү.
Оюнду аталган мектептин дене тарбия мугалими Шакиров Асан өткөрдү
Оюн 8-9-10-11-класстар арасында ойнолуп, биринчи орунду 10-классы жеңип алды
«Бүгүнкү оюнду достукту бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо үчүн өткөрдүк. Оюн аябай кызыктуу өттү. Жыйынтыгында 9да башталган оюн 14.00гө чейин созулуп, 10-классынын футболчулары жеңишке ээ болду.»- деп билдирди дене тарбия сабагынын мугалими Асан Шакиров.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу