Жалал—Абад облусуна караштуу Базар-Коргон району боюнча жалгыз аял айыл башчы. Кандай кыйынчылык болду? Канча жыл эмгектенди? Кандай иштерди аткарды? деген суроолорго жооп алдык.
Райыма Мырзаева 24 жыл бою Базар-Коргон районуна караштуу Кенеш айыл аймагында эмгектенет. 2007-жылдан бери аталган айыл аймагынын Сейитказы айылынын айыл башчысы болуп эмгектенип келет. Бул эле тармакта токтоп калбай 2007 жылдын февраль айында аялдар комитетинин торайымдык милдетти бирге алып келет.
Мырзаева бул ишинде коптогон семинарларга барып келди. Ошондой эле айыл окмотунун,райондук мамлекеттик администрациясынын жана областык мамлекеттик органдар тарабынан «Ардак грамоталары» менен сыйланган. Өзүнүн аял экендигине карабай озунун ишин так жана ак ниеттуулук менен аткарып келүүдө.
Райыма Мырзаеванын айтымында,
«Мен 2006-жылдын октябрь айында салыкчы кызматына келдим. 2007-жылы гана Сейитказы айылынын айыл башчысы болуп шайландым Албетте бул эркектердин иши аял киши жетектей албайт деген сөздөр да болду, бирок ага карабай ишке келдим. Азыркы учурга чейин эмгектенип,болгон күч аракетимди жумшап келем. Эрте менен 8:00 дө ишке келип 12 ге чейин бөлмөмдө иш кылып андан соң эл кыдырып, кандай маселелер бар? Кандай иштер аткарылып жатат? Дагы эмне кылыш керек? Ошол маселелерди аткаруу боюнча иш жүргүзом. Көчөлөр аябай жаман болчу. Тизеден ылай баткак. Ал эми азыр оңолуп түздөлүп калды. Биздин депутатыбыз Сейитказы айылына инвестор тартып, жакыр үй бүлөлөргө жардам катарында 5 мал баласы менен алып бердик. Былтыр 2018-жылы бул жакта жоктугуна байланыштуу Чүй облусунан 4 уяң жүндүү кой алып келип бердик. «-деди Мырзаева.
Даярдаган: Аймээрим Саитжанова
СЫНАК ҮЧҮН.