Базар-Коргон районуна карашту Кеңеш айыл аймагынын мээнеткеч тургуну Мукарам Сатыбалдиева. Кандай жолду басып өттү? Мына ушул суроонун негизинде маек курдук.
Мукарам Сатыбалдиева азыркы учурда Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Советский жергесинде жайгашкан супер маркетин жетекчиси болуп эмгектенип келет. Бул супер маркет 2018-жылы ачылган. Аталышы 《Юрта》.
Мына ушул нерселердин баарына өз күчү менен жетишкен. 《Юрта》супер маркетинин келип чыгыш тарыхын жетекчиси Сатыбалдиевадан уксак.
Мукарам Сатыбалдиеванын айтымында,
«Бул 《Юртанын》келип чыгышы менин идеям. Юрта деп мен ойлоп тапкам. Себеби мен башында мындай чоң дүкөн эмес, бир чакан эле боз үйдөн баштагам. Бул юрта деген кыргызчада боз үй дегенди да анан мындай молодёжный болсун деп юрта деп койдум. Юрт деген түрк тилинен алганда журт дегенди билдирет да. Мына ошентип Юрта деп койдук аталышын. Анан секинден мына ушундай супер маркетти иштетип жатам»-деди Сатыбалдиева.
Супер маркетте күн сайын акция жүргүзүлүп турат. 20-30% төмөндөтүүлөр болот.
Аял башына карабастан мына ушундай супер маркетти иштетип жаткан Мукарам эженин колунда 20 жумушчу иштейт. Алардын айлык маянасы 8 миңден 12 миңге чейин.
Супер маркеттин жумушчусу Гүлниса Шархидинованын айтуусунда,
«Мен мына ушул супер маркеттин жумушчусу болом. Айлык маянам да жакшы. 6 күн иштеп 1 күн эс алабыз. Мен бул жумушка келгениме 5-6 ай болду. Мага жумушум абдан жагат»-деди Шахридинова.
Супер маркетти ачуу үчүн 26 000 000 акча каражаты сарпталды. Бул иштерде Бакай банк каржылады.
Бул супер мартеттин көп эле бөлүгү аял сотрудниктер.
Супер маркеттке келтирилген товарлар Россиянын, АТА кондитердик фирмасынан ж.б.у.с фирмалардан келтирилет. Баардык товарлар жогорку сапатта.
Мына ушул супер маркет боюнча кардарлардын оюн уксак.
Сатып алуучунун айтымында,
«Мен ушул советский айылынын тургуну болом. Мен бул дүкөндөн дайыма эле соода кылам. Товарларынын сапаттары аябай эле жакшы, бүтүндөй товардын баары бар. Каалаган нерсени мына ушул жерден таба аласын. Мага бул дүкөндөн соода кылган жагат»-деди сатып алуучу.
Ошондой эле бул дүкөндүн бир четинде даары канасы да жайгашкан.
Дүкөн 24 саат кызматта.
Даярдаган: Аймээрим Саитжанова
СЫНАК ҮЧҮН