“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл аймагынын айыл башчыларынын ишмердүүлүгү талкууланды

12 Сентябрь 2019 жыл 7:36
Көрүүлөрдүн саны: 145

Фридрих Эбберт фондусу тарабынан колдоого алынып, каржыланган Демократия сааты уктуруусунун кезектеги темасы Могол айыл аймагындагы айыл башчылардын ишмердүүлүгү боюнча болду.

Уктурууга Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгүл Алыбаева, Ооган-Талаа айылынын айыл башчысы Муктарбек Дөлдөев катышты.

Тема боюнча айылдардагы айыл башчылардын ишмердүүлүгү, укуктары, милдеттери жөнүндө айтылып, түз эфирден угармандардан келген суроолор, сунуштар айтылды.

Угарман Нуртилек Абдували уулу айыл башчылардын укуктарын кеңейтүү керектигин түз эфир аркылуу айтты.

Мындан сырткары айыл башчы өзүнүн ишмердүүлүгүндөгү аткарган бир канча орчундуу иштерди бүтүргөндүгүн, бир нече бейөкмөт уюмдар менен алып барган иштери жөнүндө баяндады.

«Бүгүнкү күндө өкмөткө айыл башчылар өтө керек. Алар көп иштерди аткарышат. Эл менен өкмөт ортосунда көпүрө болушат. Элдин көйгөйүн жеткиришет. Эл менен тыгыз иш алып барышат.»- деди Могол айыл аймагын жоопту катчысы Бактыгүл Алыбаева

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ