“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Көк-Тонду айылына спорт комплекс курулду

12 Сентябрь 2019 жыл 6:02
Көрүүлөрдүн саны: 88

Базар-Коргон районундагы Көк-Тонду айылына спорт комплекс курулду.

Спорттук аянтчаны ачуу аземине ЖКнын депутаты Айбек Алтынбеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов,Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов райондун аксакалдары,айыл өкмөттөрдүн башчылары жана райондун тургундары катышты.


Райондун акими Айбек Бегимкулов өз сөзүндө Президентибиз Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жылында ушул сыяктуу иштердин жүзөгө ашуусу айыл тургундарына түзүлгөн мыкты шарт экендигин белгилеп,ал үчүн район элинин атынан ыраазычылык билдирип, депутат Айбек Алтынбековго «Базар-Коргон районунун уюшулгандыгынын 100 жылдык» маарекесине арналган төш белгиси менен сыйлады.

Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов төмөндөгүлөргө токтолду:

Бүгүнкү ачылган спорт комплекс Могол айыл аймагы үчүн зор мааниге ээ. Спорт бул-достуктун көпүрөсү, ден-соолуктун булагы. Көк-Тонду айылынын жаштары   үчүн чоң белек. Мындан ары аталган аянтчада спорттун баардык түрлөрү ойнолуп, келечекте Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиреткен, атактуу спорт чеберлери чыгат деп ишенемин.

Ачылган спорт комплекс Базар-Коргон районунун чыгаан жигиттеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков тарабынан Көк Тонду (Правда) айылында футбол жана волейбол аянтчалары курулуп, пайдаланууга берилди.
Бул сыяктуу спорт аянтчалары Айбек Алтынбеков тарабынан райондун Кеңеш,Сейдикум айыл өкмөттөрүндө курулуп,бүгүнкү күндө жаштардын сүйүктүү жайына айланса,азыркы учурда Акман жана Арстанбап айылдарында футболдук талаардын курулуштары кызуу жүрүүдө.


Спорттук аянтчаларды ачуу аземине арналып футбол жана волейбол боюнча турнирлер да уюштурулуп, район боюнча 40тан ашуун командалар күч сынашты жана спорттун ар бир түрүнө байге ирээтинде 100.000сомдон акча коюлду.

Даярдаган: Мелисбек уулу Тимурлан