“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Карыялар күнүнө карата жайылган дастаркон

6 Сентябрь 2019 жыл 21:06
Көрүүлөрдүн саны: 286

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын маданият үйүндө карыялар күнүнө карата чакан концерт болду. Бул концертке 7 айыл жергесинен келди.

Могол айыл аймагына караштуу айылдардан карыя аксакалдарды Ооган-Талаа маданият үйүнө коноко чакырып, даярдалган чакан концертин тартуулады. Ошондой эле концерт менен чектелбестен чай берди.

Болуп өткөн концертти номер 17 С. Далбаев мектебинин окуучулары тартуулады. Биз бул бүгүнкү болуп өткөн концерттик программа боюнча келген коноктор менен маек курдук.

Правда айылынын тургуну Карабай Ибраимовтун айтымында,

«Бүгүнкү күн абдан жакшы отуп жатат. Ушул могол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө чоң ыраазычылыгымды билдирем. Ушинтип бизди меймандап жатканына чоң рахмат! Иштерине ийгилик болсун. 17-мектептин балдары абдан талантту балдар экен. Көңүлүбүздү көтөрүп, жагымдуу маанай куруп берди. Чоң рахмат!»-деди Ибраимов.

Концертти баштоодон алдын могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов өз куттуктоосун айтты.

«Сиздерди өтүп кеткен майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул майрамды убагында өткөшүбүз керек эле, тилеке каршы жетишпей калдык. Ошентсе да, кеч болсо да сиздерди бүгүнкү майрамыныздар менен куттуктайбыз! 17-мектептин окуучулары чакан концерт уюштуруп койгон экен көңүл бурсаңыздар.»

Бакир Тагайкулов Ортоңку айылдын тургуну майрам боюнча өз пикирин калтырды,

«Ушул могол айыл өкмөтүнө чоң рахмат! Айрыкча өкмөт башчы Турдукулов Эркинге. Мына ушинтип аксакалдардын башын бириктирип дасторкон жайым чай берип олтурат. Иштерине ийгилик, ден соолугубуз чың болсун, баардык аксакалдарыбыз тынч болсун.»- деген ой пкирлери менен Тагайкулов бөлүштү.

Могол айыл аймагындагы айылдар: Карой, Катыраңкы, чкалов, правда, чарбак, Кызыл-Суу, Ооган-Талаа. Мына ушул 7 айылдын аксакалдары чакырылды.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин турдукуловтун айтымында,

 

«Мына бүгүн 7 айылдан 700гө жакын 71 жаштан жогорку аксакалдарды чакырып дасторкон жайып чай берип жатабыз. Аксакалдардын башын бириктирип, мурда иштегендерин эсине тушуруп, баарлашып отуруп, эс алып кетсин дедик.»-деди Турдукулов.

Бул иш чара могол айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланды. 40 000сом акча каражаты сарпталды.

Токторали Жапаровтун айтымында,

» Бүгүнкү майрам жакшы деңгээлде өтүп жатат. Баары жакшы, Эркинге рахмат! Концерти жакшы болду, балдары таланттуу экен.»-деди Жапаров.

6-классынын окуучусу Тахмина Суёркулова «ата-энем» атту ыры менен.

Ошондой эле 8-классынын окуучусу манас тартуулады.

ДАЯРДАГАН: Адилет Канат уулу