“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл аймагынын милдетүү медициналык камсыздандыруусунун ишмердүүлүгү

18 Июль 2019 жыл 1:20
Көрүүлөрдүн саны: 58

Ооган-Талаа мультимедиялык борборунда 15-июль күнү «Демократия сааты» уктуруусунда Базар-Коргон районундагы Могол айылдык ооруканасында милдеттүү медициналык камсыздандыруунун ишмердүүлүгү деген темада түз эфир болуп өттү.

Конокто Могол айыл аймагынын башкы дарыгери Бактыкан Абдирешова, №12 ГСВ дарыгери Нурайым Стамбекова, №11 ГСВ дарыгери Саткын Токтомуратовалар болду.

Эфир алкагында, угармандар Медициналык милдеттүү камсыздандыруу программасы тууралуу кененирээк маалымат уга алышты. Ошондой эле, мамлекет тарабынан, ооруга чалдыккан жарандар кандай жардам ала алышат, полис деген эмне, полистин түрлөрү тууралуу маалымат айтылды. Эфирде айылдын жашоочусу 69 жаштагы Токторалы Жапаровдун баяндамасы менен башталды.

      MMK-bayandama-Mixdown-1

Жогорку маалыматтардан улам милдеттүү медициналык камсыздандырууга ар бир Кыргызстандык жаран укуктуу экендигин билдик. Ошондой эле мамлекет тарабынан ММК системасы калыптанып жана ыргактуу иштеп жаткандыгы белгилүү. Башкысы-жарандарыбызды ошол укугунан пайдалана билүүгө чакырабыз.

«Бала төрөлгөндөн баштап ага ОМС берилет. Бирок 18 жашка чыкандан кийин ошол полиске акча толуктап туруу зарыл. Себеби азыркы мезгилде ОМС полиси бар, бирок акча төлөнбөгөн жараандар ооруканага жатып калса, ал эки эсе көп акча төлөп калган мезгилдер кездешип жатат. Ошондуктан биз келген бейтаптарга түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп келебиз.»-деп билдирди Могол айылдык ооруканасынын башкы дарыгери Бактыкан Абдирешова.

«Элибиз тынч болсун, тынчтык, аманчылык болсун. Эч бир жараан оорубасын. Дайыма дарыгерлердин сунуштамасын так аткаруу, ооруганда кайрылбай, оорунун алдын алып кайрылышсын демекмин»-деди №11 ГСВ дарыгери Саткын Токтомуратова

№12 ГСВ дарыгери Нурай Стамбекова төмөндөгүлөргө токтолду:

      12-GSV-daarygeri-Nuraj-Stambekova

Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ