“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо дыйкандарга семинар өтүлдү

14 Июль 2019 жыл 0:03
Көрүүлөрдүн саны: 73

«Бай Дыйкан» долбоорунун алкагында Агродрон кызматын дыйкандарга маалымдоо, дегеле долбоордун максатын жайылтуу аракетинде Базар-Коргон районунда атайын семинар болуп өттү.

Семинар областтагы Өкмөттүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары, райондун акими, акимдин орун басары, райондук айыл чарба департаментинин директору, областтагы өсүмдүктөрдү коргоо адиси, Базар — Коргон айыл өкмөтүнүн торагасы, жакынкы айыл кеңештердин депутаттары, дыйкандардын катышуусунда болуп өттү.

Иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүп берүүгө  Базар-Коргон районунун айыл чарбаны өнүктүрүү департаментинин директору Палванов Авазбек чоң салымын кошкон.

Дыйкандын түйшүгү көп. Базар-Коргондо өткөн семинарда, дыйкандар биздин проблемалар деп: жердин курамын аныктоого лаборатория жоктугун жана чакан 30-40сотка айдоо жерлерин дарылоого трактор барбай турганын белгилеп кетишти. «Бай дыйкан» долбоору  так ушул дыйкандар суранган Заманбан агролаборатория жана чакан жерлерди да ылгабай тейлей берчу агродрон кызматтары көрсөтүлгөнүн айтып кетти.

Агродрон боюнча адис Улукман Нуралиевден алынган маек:

      Agrodron-boyuncha-adis-Ulukman-Nuraliev_01

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ