“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Могол айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгү коомчулукту канааттандырабы?

10 Июль 2019 жыл 22:01
Көрүүлөрдүн саны: 97

Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында «Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгү коомчулукту канааттандырабы?деген темада түз эфир болуп өттү.

Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, каржыланган Демократия сааты уктуруусунда Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши менен түз эфир өттү.

Түз эфирге жергиликтүү кеңештин төрагасы Тянь-Шань Омурзаков, депутаттар Марат Токтобаев, Кадича Жумабаевалар катышышты.

Тема боюнча элден сурамжылоону Фарида Кадырова даярдап, жергиликтүү тургундар депутаттардын ишмердүүлүгү боюнча ой бөлүшкөн.

Сурамжылоонун жыйынтыгында төрага аткарылган жана аткарыла элек иштери жөнүндө баяндап берди.

«Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары көп иштерди аткардык жана аткарыла электери да бар. Себеби баары акчага барып токтолот экен. Буйруса дагы убакыт бар далай иштерди бүтүрөбүз деген максатыбыз бар.»-деп билдирди төрага Омурзаков.

Түз эфирде фейсбук баракчасынан келген жана түз байланыштагы суроолор берилди.

Уктуруунун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин депутаттары элге аткарган иштери, пландары менен бөлүшүп, өздөрү жөнүндө ой-пикирлерди угуп, аткарууга убада берип кетишти.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ